12-берене
Күчүндө · 18.05.2011 редакциясы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-берене. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдардын ишин каржылоо
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден артыкчылыктуу жана кошумча каржылоо укугунан пайдаланышат. Ошондой эле жеке ишкердиктен жана башка чарбалык иштерден алынган кирешелер, калкка акысы төлөнүүчү дене тарбия-спорттук жана саламаттыкты чыңдоо кызматтарын көрсөтүүдөн, белгиленген тартипте спорттук лотереяларды өткөрүүдөн, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өз ыктыярдуу төлөмдөрүнөн, коомдук дене тарбия-спорттук уюмдардын катышуучуларынын мүчөлүк төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттар, атайын фонддордун каражаттары, спорттук-оюн-зоок иш чараларын өткөрүүдөн алынган кирешелер, ишканалардан жана уюмдардан спорттук белгилерди жана энбелгилерди пайдалангандыгы үчүн чегеримдер, чет өлкөлүк инвестициялар, эл аралык уюмдардан келип түшүүлөр, чет өлкөлүк жарандардан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан спорттун улуттук түрлөрүн колдоо жана жандандыруу үчүн максаттуу демөөрчүлүк жардамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар аларды каржылоо булактары болуп саналат. Спорттун улуттук түрлөрүн каржылоого бөлүнгөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт. Бюджеттен тышкаркы булактардан каражаттардын келип түшүүсү спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө бюджеттик чегеримдерди кыскартуу үчүн негиз болуп саналбайт.".
Берененин тексти 18.05.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203269/st-12" title="12-берене - "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>