Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 18-майы № 25
"Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 270-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-берене. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдардын ишин каржылоо
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук уюмдар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден артыкчылыктуу жана кошумча каржылоо укугунан пайдаланышат. Ошондой эле жеке ишкердиктен жана башка чарбалык иштерден алынган кирешелер, калкка акысы төлөнүүчү дене тарбия-спорттук жана саламаттыкты чыңдоо кызматтарын көрсөтүүдөн, белгиленген тартипте спорттук лотереяларды өткөрүүдөн, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өз ыктыярдуу төлөмдөрүнөн, коомдук дене тарбия-спорттук уюмдардын катышуучуларынын мүчөлүк төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттар, атайын фонддордун каражаттары, спорттук-оюн-зоок иш чараларын өткөрүүдөн алынган кирешелер, ишканалардан жана уюмдардан спорттук белгилерди жана энбелгилерди пайдалангандыгы үчүн чегеримдер, чет өлкөлүк инвестициялар, эл аралык уюмдардан келип түшүүлөр, чет өлкөлүк жарандардан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан спорттун улуттук түрлөрүн колдоо жана жандандыруу үчүн максаттуу демөөрчүлүк жардамдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактар аларды каржылоо булактары болуп саналат. Спорттун улуттук түрлөрүн каржылоого бөлүнгөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде өзүнчө сап менен көрсөтүлөт. Бюджеттен тышкаркы булактардан каражаттардын келип түшүүсү спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө бюджеттик чегеримдерди кыскартуу үчүн негиз болуп саналбайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- О национальных видах спортаЗакон · 19.04.2003 · № 84
Шилтеме берет (1)
- О национальных видах спортаЗакон · 19.04.2003 · № 84