6-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына менчик
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 131
1. Мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосферапык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геопарктардын геологиялык объекттери, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана микрокоруктар жана алардын жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын менчигинде жана коргоосунда гана турат жана анын улуттук байлыгы болуп саналат.
2. (КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде табигый ресурстардын жана объекттердин сапатын начарлатууга жана аларды түгөтүүгө багытталган, ошондой эле көрсөтүлгөн жерлерди мамлекеттик коргоо режимин бузган иштерди жасоого тыюу салынат.
4. "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына кирген мамлекеттик жаратылыш коруктарынын, мамлекеттик биосфералык коруктардын, мамлекеттик жаратылыш парктарынын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын, ботаникалык бактардын, мамлекеттик комплекстүү корукчалардын, мамлекеттик жаратылыш эстеликтеринин, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу берилген мөңгүлөрдүн жана кар күрткүлөрүнүн, микрокоруктардын, геопарктардын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын, биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарынын жерлери Кыргыз Республикасынын жер фондунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 , 2026-жылдын 28-июлундагы № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 131«О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «Об особо охраняемых природных территориях»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 132 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аймактары, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, кошулду: геопарктардын геологиялык алынып салынды: парктар (геопарктар), кошулду: объекттери, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана … 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 кошулду: , 2026-жылдын 28-июлундагы № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 694-т (Жер участогун мамлекеттик менчикке кабыл алуу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 15.11.2023 · № 694-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-майындагы № 298 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 22.05.2017 · № 298
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-мартындагы № 104 "Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 06.03.2019 · № 104
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-6" title="6-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>