Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 28-июлу № 131
«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
«Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 5, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) отуз биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«геологиялык объект – геологиялык мурастын бир бөлүгү катары өзгөчө илимий, билим берүүчү жана эстетикалык баалуулукка ээ болгон өзүнчө табигый ландшафт, тоо тектеринин чыгышы, үңкүр, казылып алынуучу флоранын жана фаунанын жайгашкан жери же башка түзүлүш;»;
б) отуз экинчи абзацта «геологиялык парктар (геопарктар)» деген сөздөр «геопарктардын геологиялык объекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-берененин 3-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 6-берененин 1-бөлүгүндө «геологиялык парктар (геопарктар)» деген сөздөр «геопарктардын геологиялык объекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 232 жана 233-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров | |
| 2026-жылдын 24-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18
Шилтеме берет (1)
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18