4-1-берене. Экологиялык коридорлор
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
1. Экологиялык коридорлор өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында байыр алган жаныбарлардын жана өсүп жаткан өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, жаныбарлардын миграциясынын жана өсүмдүктөрдүн таралышынын табигый жолдорун коргоо максатында, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ортосундагы мейкиндик байланышын камсыз кылуу үчүн жер участокторун менчик ээлеринен жана жерди пайдалануучулардан алып койбостон, бардык категориялардагы жер участокторунда түзүлөт.
2. Экологиялык коридорлордун участокторунда жапайы жаныбарларды алардын убактылуу байыр алган жерлеринде сактоону, миграция мезгилинде өтүп туруусун, жапайы өсүмдүктөр өскөн жерлерди сактоону камсыз кылуучу бул жерлерди пайдалануунун жөнгө салынуучу режими белгиленет.
3. Экологиялык коридор түзүү жөнүндө чечим илимий негиздеменин негизинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча областтардын, шаарлардын жергиликтүү аткаруу бийлиги органдары тарабынан кабыл алынат.
4. Экологиялык коридорлордун чек аралары табигый географиялык чектер боюнча белгиленет жана жер-жерлерде атайын белгилер менен көрсөтүлөт.
Сакталып калган жаратылыш объектилеринин болбогону менен шартталган экологиялык тармактын элементтеринин ортосунда экологиялык коридорлорду түзүү мүмкүн болбогон учурларда, жасалма экологиялык коридорлор түзүлүшү мүмкүн.
5. Экологиялык коридорлорду коргоо жана башкаруу айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Экологиялык коридорлорду уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 127 "Кыргыз Республикасында экологиялык коридорлорду уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-4-1" title="4-1-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>