4-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 июня 2024 года № 95
1. Жаратылыш процесстеринин табигый жүрүшүн жана айлана-чөйрөнүн шарттарынын балансын, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү, табигый-маданий чөйрөнү сактоо, коргоо, жаңыртуу, калыбына келтирүү жана колдоо, туруктуу жаратылыш пайдаланууну камсыз кылуу жана биосферага туруктуу мониторингди жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы түзүлөт.
2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүүнүн негизги багыты өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ар түрдүү категорияларынын бир бүтүн жана функциялык жактан байланыштуу айкаштыгын түзүү болуп эсептелет.
(КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
13.06.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана колдоо, туруктуу жаратылыш пайдаланууну камсыз кылуу жана алынып салынды: биочөйрөгө кошулду: биосферага туруктуу мониторингди жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте өзгөчө корголуучу жаратылыш … жана функциялык жактан байланыштуу айкаштыгын түзүү болуп эсептелет.
кошулду: (КР 2024-жылдын 13-июнундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-4" title="4-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>