2-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 131
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат: акватория - табигый, жасалма же элестетилген (шарттуу) чек ара менен чектелген суу мейкиндиги; биологиялык ар түрдүүлүк (био ар түрдүүлүк) - өздөрү бөлүк болуп эсептелген жер үстүндөгү, деңиздеги жана башка суу каптаган эко түзүмдөрдү жана экологиялык компоненттерди камтыган бардык тирүү организмдердин булактарынын окшоштугу. Бул эко түзүмдөрдүн ортосундагы түрлөрдүн жана ар түрдүүлүктүн чектериндеги өз алдынчалуу ар түрдүүлүктү камтыган түшүнүк; биосфералык аймактар - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, алар биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктүн туруктуу балансын, экономикалык өнүгүүнү жана тийиштүү маданий дөөлөттөрдүн сакталышын камсыз кылуучу жер үстүндөгү жана суудагы экологиялык системалардын участокторунан же алардын комбинацияларынан турат; буфердик зона - аймактын адатта негизги зонасын курчап турган же аны менен чектешкен жана илимий изилдөөлөр, айыл чарбалык жерлерди регламенттүү пайдалануу үчүн арналган аймактын участогу; суулуу-саздак жерлер - табигый жана жасалма акваториялар, анын ичинде көлмөлөр, тайыз суулар, ошондой эле суулуу бети адатта жер үстүндө жайгашкан, канаттуулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана сууда жана суунун жанында жашаган, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын башка түрлөрү массалык жашаган, уялаган, көбөйгөн жерлер болуп саналган аймактын ашыкча нымдалган участоктору; мамлекеттик корукчалар - табыштама же чарбалык иштин жөнгө салынуучу режиминдеги, мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун бир же бир нече объекттерин сактоо жана көбөйтүү үчүн арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары; мамлекеттик ботаникалык бактар - жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде өсүмдүктөрдүн сейрек жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн коргоо, сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жана илимий иштеп чыгууларды жүргүзүүгө арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары; мамлекеттик дендрологиялык парктар - жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, бак-дарак жана бадал түрлөрүн коргоо, сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу үчүн арналган, зоналары боюнча коргоо режимдери белгиленген өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары; мамлекеттик зоологиялык парктар - жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, маданий-агартуучу, илимий, окуулук жана жаратылышты коргоо, жаныбарлардын типтүү, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн генофондун жасалма чөйрөнүн шартында сактоо жана өстүрүү иштери үчүн арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары; мамлекеттик жаратылыш парктары - жаратылышты коргоочу жана илимий мекеменин статусу бар, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоого, мамлекеттик жаратылыш-корук фонддун өзгөчө экологиялык, илимий, тарыхый-маданий жана рекреациялык баалуу уникалдуу табигый комплекстерин жана объекттерин жаратылышты коргоочу, экологиялык-агартуучу, илимий, туристтик жана рекреациялык максаттарда пайдаланууга арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары; жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери - экологиялык, илимий, маданий жана эстетикалык жактардан баалуу, уникалдуу, орду толбочу өзүнчө жаратылыштык комплекстерди камтыган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, ошондой эле мамлекеттик жаратылыш-корук фонддун объекттерине киргизилген табигый жана жасалма объекттер; мамлекеттик жаратылыш коруктары - жаратылышты коргоочу жана илимий мекеменин статусу бар, ишинин максаты табигый процесстерди жана кубулуштарды, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын айрым түрлөрүн, типтүү жана уникалдуу экологиялык системаларды сактоо жана изилдөө болуп саналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу, орду, сандык жана сапаттык касиеттери, алардын экологиялык, илимий, агартуучу, тарыхый, маданий жана башка баалуулуктары жөнүндө маалыматтардын жыйнагы; өзөк зонасы - мамлекеттик жаратылыштык коруктун жалпы аянтынын 75 пайыздан кем эмесин түзгөн, экосистеманын көбөйүшү үчүн зарыл болгон аймактын участогу, анда бүткүл жаратылыш комплекси корголот, экологиялык системалардын абалына мониторинг, илимий изилдөөлөр жана жаратылыш процесстеринин табигый өнүгүүсүн бузбоочу башка иш-чаралар жүргүзүлөт. Өзөк зонасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусу боюнча аныкталат жана айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык органы тарабынан бекитилет; ландшафттык ар түрдүүлүк - экологиялык жана социалдык функцияларды аткаруу үчүн табигый чөйрөнүн мүнөзүн жана түзүмдүк уюштурууну чагылдырган көрсөткүч: жаратылыш летописи - бардык корголуучу абиотикалык жана биотикалык компоненттерден турган чөйрөнүн динамикалуулугун, ошондой эле өткөрүлүүчү жаратылышты коргоо иш-чараларынын узактыгынын (кыскалыгынын) натыйжасында келип чыккан өзгөрүүнү чагылдыруучу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын субъекттери тарабынан түзүлүүчү, белгилүү үлгүдөгү жыл сайын чыгуучу бюллетень; жаратылышты коргоонун эл аралык союзу - ааламдын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо проблемаларын чагылдыруу менен иш жүргүзгөн, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына караштуу байкоочулук статусуна ээ жана ааламдын ар түрдүү региондорундагы өзгөчө коргоого муктаж флоралардын жана фауналардын түрлөрүнүн тизмесин берүүчү эл аралык коммерциялык эмес уюм; микрокоруктар - био ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү максатындагы чарбалык иштер жүргүзүлбөгөн, салыштырмалуу анча чоң эмес, анын ичинде айыл чарба жерлеринин ичиндеги участоктор;
өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу жана тарыхый жактан артыкчылыктуу мааниге ээ жаратылыш комплекстерин, же табигый, же жасалма келип чыккан айрым жаратылыш объекттерин камтыган, жалпы улуттук байлык болуп эсептелген, чарбалык иштен толук же жарым-жартылай, туруктуу же убактылуу алынган, коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген аймактардын жана/же акваториялардын участоктору; жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери менен чарбалык пайдалануудан толук же жарым-жартылай алып салынган, жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, рекреациялык өзгөчө мааниге ээ жаратылыш комплекстери жана объекттери жайгашкан жердин, суу бетинин жана алардын үстүндөгү аба мейкиндигинин участоктору;
корголуучу зона - чарбалык иштин жөнгө салынуучу режими бар аймак, ал жакын жашаган жергиликтүү жамааттардын чарбалык иштеринин натыйжасынын бүткүл жаратылыш комплексине болуучу таасирин азайтуу максатында түзүлөт; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын паспорту - функциялык зоналарын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын түзүлүшү, аталышы, турган жери жөнүндө маалыматты, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жана сактоо режими менен аларда болгон мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун объекттеринин тизмесин камтыган документ; өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ар кыл категорияларынын бири-бири менен региондогу жаратылыш, тарыхый-маданий жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрдү эске алып уюштурулган өз ара экологиялык коридорлор менен байланышкан комплекс; трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - өз ишин мамлекеттер аралык жана эки тараптуу эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашыруучу мамлекеттер аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары; функциялык зоналарга бөлүштүрүү - зоналардын чектеринде өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын экологиялык системаларынын жана алардагы мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун объекттеринин абалдарына, алардын калыбына келүүсүнө терс таасир этүүчү ар кандай иштерге тыюу салууну жана (же) чектөөнү караган өзүнчө зоналарды белгилөө; экологиялык коридор - жандуу жаратылыштын объекттеринин табигый миграциясын (жайылтылышын) жана биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын бири-бири менен байланыштырып туруучу жерлердин жана суу объекттердин корголуучу участоктору катары көрсөтүлгөн экологиялык тармактын бөлүгү;
бивак жайы - түнөө же эс алуу үчүн туристтик топ жайгашуучу жер (токтоочу жай); биосфера - тирүү организмдер жашаган, алардын таасири астында турган жана алардын жашоо-тиричилигинин продуктулары ээлеген, анда Жердин глобалдуу экосистемаларын туюндурган биологиялык тутумдардын өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлүүчү Жердин катмары; биосфералык корук (биосфералык резерват) - жаратылышты коргоо мыйзамдарында аныкталган стандарттарды, критерийлерди жана талаптарды эске алуу менен ошол аймакта жана ага жанаша жайгашкан аймактарда жаратылыштын экосистемаларын жана генофондду сактоо, жаратылыш чөйрөсүн изилдөө жана мониторинг жүргүзүү максатында түзүлгөн, жана эл аралык программаларга (ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурасы ж.б.) ылайык өзгөчө илимий, жаратылышты коргоо баалуулугунан же экологиялык маанисинен улам аларды сактоо жана кеңири жайылтуу аларга карата артыкчылыктуу милдеттерден болуп саналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы; геологиялык объект – геологиялык мурастын бир бөлүгү катары өзгөчө илимий, билим берүүчү жана эстетикалык баалуулукка ээ болгон өзүнчө табигый ландшафт, тоо тектеринин чыгышы, үңкүр, казылып алынуучу флоранын жана фаунанын жайгашкан жери же башка түзүлүш; мамлекеттик жаратылыш-корук фонду - бардык категориялардагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жыйындысы (мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик биосфералык коруктар, биосфералык аймактар жана/же резерваттар, мамлекеттик жаратылыш парктары, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, ботаникалык бактар, мамлекеттик корукчалар (комплекстүү, зоологиялык, ботаникалык, токой, геологиялык жана сезондук), мамлекеттик жаратылыш эстеликтери, трансчекаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, геопарктардын геологиялык объекттери, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, микрокоруктар); мөңгү - көбүнчө атмосферадан келип чыккан муздун массасынан турган, оордук күчүнүн таасири астында илээшкек пластикалык агымга дуушар болгон жана агымдын, агымдар системасынын, куполдун (калкандын) же калкып жүрүүчү плитанын формасын алган, атмосфералык катуу жаан-чачындын (кардын) көп жылдык оң балансында топтолушунун жана андан кийин кайра түзүлүшүнүн натыйжасында пайда болгон объект; кар күрткүсү - курчап турган кар катмары эригенден кийин жылдын бир бөлүгүндө же бүтүндөй жылуу мезгилинде жердин үстүнкү бетинде сакталып турган кардын жана муздун кыймылсыз (кээде жай жылуучу) топтолушунан турган жана рельефтин ошол эле формаларында дайыма жаңыланып турган жана тоолордо кышкы шамалдын жана кар көчкү коркунучунун басымдуу багыттарынын индикатору катары кызмат кылган, рельефке, агын сууга, топурак-өсүмдүк катмарына активдүү таасир эткен объект.
(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58, 2024-жылдын 13-июнундагы № 95, 2026-жылдын 28-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 131«О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «Об особо охраняемых природных территориях»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 июня 2024 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регулирования особо охраняемых природных территорий"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 июня 2018 года № 58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об особо охраняемых природных территориях"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…болуп саналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы;
геологиялык алынып салынды: парк (геопарк) - Жердин кошулду: объект – геологиялык алынып салынды: тарыхы, жергиликтүү ландшафттардын түзүлүшү ачык көрүнүп турган, азыркы кошулду: мурастын бир бөлүгү катары өзгөчө илимий, билим берүүчү жана алынып салынды: келечек муундар үчүн уникалдуу экологиялык мааниси, тарыхый, илимий жана башка баалуулугу болгон, региондун геологиялык мурасын таанууда коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурган кошулду: эстетикалык баалуулукка ээ болгон өзүнчө табигый ландшафт, тоо тектеринин чыгышы, үңкүр, казылып алынуучу флоранын жана фаунанын алынып салынды: тарыхка чейинки объекттеринин калдыктары массалык тартипте сакталып калган өзгөчө корголуучу статусу бар регион;
кошулду: жайгашкан жери же башка түзүлүш;
мамлекеттик жаратылыш-корук фонду - бардык категориялардагы өзгөчө … аймактары, мөңгүлөр жана кар күрткүлөрү, экологиялык коридорлор, кошулду: геопарктардын геологиялык алынып салынды: парктар (геопарктар), кошулду: объекттери, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, … 2018-жылдын 2-июнундагы N 58, 2024-жылдын 13-июнундагы № алынып салынды: 95 кошулду: 95, 2026-жылдын 28-июлундагы № 131 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203262/st-2" title="2-берене - Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>