Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-25.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 25-декабры № 315
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыч Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
346-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "346-статья. Салык салуудан качуу жана бухгалтердик эсепти бурмалоо
Пайданы, кирешени же салык салуунун башка объекттерин жашыруу (азайтуу) түрүндөгү салык салуудан качуу, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Бухгалтердик эсептин жоктугу же бурмаланышы, салыктарды эсептөө жана бюджетке төлөө менен байланышкан бухгалтердик отчетторду, баланстарды, эсеп-кысаптарды жана башка документтерди бербөө, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн элүүгө чейинки өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү: Эгерде салыкты жашыруу (азайтуу) өлчөмү жарандар үчүн отуз эсептешүү көрсөткүчүнөн, кызмат адамдары үчүн - жүз элүү эсептешүү көрсөткүчүнөн, юридикалык жактар үчүн - үч жүз эсептешүү көрсөткүчүнөн ашпаса, администрациялык айып жашырылган (азайтылган) сумманын 50 пайызы өлчөмүндө салынат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон