Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-12-17.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-декабры № 308
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 509-статьяда "185-188" деген сандар "185 жана 186" деген сандар менен алмаштырылсын.
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 521-1-статья менен толукталсын:
"521-1-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик инспекция органдары ушул Кодекстин 187- жана 188-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого жана администрациялык айып салууга төмөндөгүлөр укуктуу:
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик инспектору жана анын орун басарлары;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча райондор аралык инспекциянын начальниги жана инспектору;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча шаардык инспекциянын начальниги жана инспектору;
- өсүмдүктөрдүн карантини боюнча өткөрүү пунктунун начальниги жана инспектору.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күңдөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон