8-берене. Финансылык кызматтарды сунуш кылуучу компаниялардын топтору жана холдинг компаниялар
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
1. Эгерде банктык эмес финансылык рынокто иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга берилген арыздын ээсинин мурда банктык ишти же банктык эмес финансылык рыноктогу башка ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар болсо, ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда арызды кароо башталганга чейин арыз ээсинен лицензия алуу үчүн кайрылууга укугу бар жаңы юридикалык жак түзүүнү талап кылууга укуктуу. Жаңы уюштурулган юридикалык жак мурдагы кайрылган арыз берүүчү жак курамына туунду компания катары кирген холдинг компаниянын туунду компаниясы болууга тийиш. Мында, эгерде арыз ээси банктык ишти жүзөгө ашырган болсо, анда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен жогоруда аталган талаптарды белгилөөгө укуктуу.
2. Эгерде банктык эмес финансылык рынокто ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга берилген арыздын ээси банктык иш же банктык эмес финансылык рыногунда иш жүзөгө ашыруу лицензиясы (лицензиялары) бар башка компаниянын же компаниялардын аффилирленген компаниясы болуп саналса, ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда арыз берүүчүдөн жана анын аффилирленген компанияларынан арызды кароого башталганга чейин финансылык кызматтарды көрсөтүүчү, анын ичинен бирөө холдинг компания боло турган компаниялар тобун түзүүнү талап кылууга укуктуу. Мында, эгерде арыз берүүчү банктык ишти жүзөгө ашырган же коммерциялык банктын аффилирленген жагы болсо, ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын макулдугу менен ушул бөлүктө көрсөтүлгөн талапты коюуга укуктуу.
3. Эгерде ушул берененин талаптарына ылайык компаниялар тобунун финансылык кызмат көрсөтүүчү холдинг компаниясы түзүлгөн болсо, мындай холдинг компанияны көзөмөлдөөнү төмөнкүлөр жүзөгө ашырууга тийиш:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, - эгерде компания финансылык кызматтарды көрсөтүүчү тигил же бул компаниялар тобунун алкагындагы коммерциялык банк болсо; башка бардык учурларда - ыйгарым укуктуу орган.
4. Ыйгарым укуктуу орган банктык эмес финансылык рыногунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алууга арыз берүүчүнүн документтерин кароодо холдинг компаниянын башкарылышын, уюштуруу документтерин, финансылык абалын жана холдинг компанияны жетектөөчү адамдардын ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуучу башка мыйзамдарында кызмат адамдарына карата белгиленген талаптарга ылайык келишин ушул берененин алкагында көңүлгө ала алат.
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>