7-берене. Ыйгарым укуктуу органдын милдеттери
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2014 года № 8
7-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 7-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ыйгарым укуктуу органдын негизги милдети болуп Кыргыз Республикасында финансылык рынокту, аудитордук ишмердикти, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулукту мамлекеттик жөнгө салуу жана жөнгө салынуучу субъекттердин ишин көзөмөлдөө аркылуу финансылык рынокту өнүктүрүү саналат.
2. Ыйгарым укуктуу орган ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
баалуу кагаздарды эмиссиялоону жана жарыя кылынган сунуштарды кошуп алганда, Кыргыз Республикасында банктык эмес финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, ошондой эле аудит жана бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпыга жеткиликтүү болуп саналуучу, баалуу кагаздардын катталган чыгарылыштары, баалуу кагаздардын жарыя кылынган сунуштары, баалуу кагаздардын ээлери, жөнгө салынуучу субъекттер жөнүндө жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан баалуу кагаздардын кайсы бир ээлеринин же жөнгө салынуучу субъекттин мыйзамсыз ишмердигине карата демилгеленген же көрүлгөн бардык чаралар тууралу маалыматтарды кошуп алганда, Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рыногу жөнүндө маалыматтардын бардык катышуучуларына жана инвесторлорго жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу маалыматтар базасын иштеп чыгуу жана алып баруу; ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, аудитти, бухгалтердик эсеп тутумун, финансылык отчеттуулукту жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларынын тийиштүү талаптарын жүзөгө ашырууну натыйжалуу мониторингдөө жана камсыз кылуу жолу менен банктык эмес финансылык рыноктун бардык катышуучуларынын жана кызыкдар тараптардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо; баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногун түзүү; финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин кабылданган стандарттарын жөнгө салынуучу субъекттердин сакталышы үчүн шарттарды камсыз кылуу; банктык эмес финансылык рыноктун ачык-айкындыгын камсыз кылуу; (сегизинчи абзац КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарына ылайык жана аларды аткаруу үчүн банктык эмес финансылык рынокту жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу; (онунчу абзац КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын коомчулукка жеткиликтүүлүгү үчүн ачык болгон бирдиктүү мамлекеттик реестрин алып баруу; банктык эмес финансылык рыноктогу берилген, токтото турулган, кайра жаңыртылган жана жокко чыгарылган лицензиялардын жана бөлөк уруксат документтердин реестрин алып баруу; Кыргыз Республикасындагы аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, жекече аудиторлордун, кесипкөй аудитордук бирикмелердин мамлекеттик реестрин алып баруу; (он төртүнчү абзац КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту); банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин реестрин алып баруу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте кесипкөй катышуучулардын, кесипкөй катышуучулардын өз алдынча жөнгө салуучу уюмдарынын мамлекеттик реестрлерин алып баруу; жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына мониторингди жүзөгө ашыруу; ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти жана аудитордук ишмердикти жөнгө салуучу башка мыйзамдарында каралган талаптарды жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда материалдарды укук коргоо органдарына жөнөтүү жана ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча сотко доо менен кайрылуу. (КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 01.10.2012 · № 673 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>