14-берене. Ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдары
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 января 2014 года № 8
1. Ыйгарым укуктуу органды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.
2. Ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысы мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
3. Төраганын орун басары, Аткаруучу кеңештин мүчөлөрү ыйгарым укуктуу органдын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
4. Экономикалык, финансылык маселелер боюнча жана/же мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансылык кызмат көрсөтүүлөр жана укук жаатында кесиптик тажрыйбага ээ адамдар төрага, статс-катчы, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңештин мүчөлөрү боло алышат.
5. Төрага, төраганын орун басары жана Аткаруучу кеңешинин мүчөлөрү, анын ичинде аткаруу ыйгарым укуктарына ээ эмес мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан төмөнкүдөй учурларда кызмат ордунан бошотулат:
ушул Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарды талапка ылайык аткарбаганда; соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүндө белгиленген кылмыш-жаза жосундарды жасаганда; мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен тастыкталган кызматтык милдеттерди аткарууга мүмкүн болбогондо; Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо жана/же чет мамлекеттин жарандыгын алганда; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча. (КР 2014-жылдын 11-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 673 "Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 01.10.2012 · № 673 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>