13-берене. Аткаруучу кеңештин жыйналыштары
Күчүн жоготкон · 06.11.2019 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 6 ноября 2019 года № 124.
1. Аткаруучу кеңештин жыйналыштары ыйгарым укуктуу органдын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо максатында, зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Аткаруучу кеңештин жыйналышын Аткаруучу кеңештин төрагасы алып барат, ал жок учурда бул иш-милдеттерди анын орун басары аткарат.
2. Аткаруучу кеңештин төрагасы ар кандай мезгилде өзүнүн демилгеси боюнча Аткаруучу кеңештин кезексиз жыйналышын чакыра алат жана Аткаруучу кеңештин башка үч мүчөсү кол койгон жазуу жүзүндөгү суроо-талапты алганда, кезексиз жыйналышты чакырууга милдеттүү.
3. Аткаруучу кеңеш кворум болсо чечим кабыл алууга укуктуу. Аткаруучу кеңештин жыйналышынын кворуму анын беш мүчөсүнөн турат, алардын бири Аткаруучу кеңештин төрагасы же анын орун басары болууга тийиш.
4. Аткаруучу кеңеш тигил же бул маселелерди талкуулоодо өзүнүн жыйналышында ар кандай башка адамдарды чакырууга укуктуу. Бул учурда мындай адамдар Аткаруучу кеңештин жыйналышында добуш берүү укугуна ээ болбойт.
5. Аткаруучу кеңеш жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
6. Аткаруучу кеңештин жыйналышында добуштар тең болуп калган учурда Аткаруучу кеңештин жыйналышына төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
Берененин тексти 06.11.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203198/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>