Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-июлу № 231 Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 36-статьянын 1-бөлүгүнүн 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) жактоочунун жазык иш боюнча өндүрүшкө катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга карата мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам берүүгө жооптуу ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынан жактоочуну дайындоону талап кылууга;".
2. 45-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"45-статья. Жактоочуну чакыруу, дайындоо, алмаштыруу, анын эмгегине акы төлөп берүү (1) Жактоочу шектүү, айыпкер, соттолуучу, күбө, алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан, ошондой эле шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун, күбөнүн тапшыруусу же макулдугу боюнча башка адамдар тарабынан чакырылат. (2) Жазык иш боюнча өндүрүшкө жактоочунун катышуусуна шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун укугу тергөөчү, сот тарабынан камсыз кылынат. (3) Мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам алууга укугу бар адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жактоочу тарабынан камсыз кылынат. Мамлекеттин эсебинен юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттын эмгегине акы төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. (4) Тандалган же дайындалган жактоочунун катышуусу мүмкүн болбогон учурларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тергөөчү, сот шектүүгө, айыпкерге, соттолуучуга, күбөгө башка жактоочуну чакырууну сунуш кылууга же дайындоого укуктуу.".
3. 46-статьянын 1-пункту алып салынсын.
4. 47-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"47-статья. Жактоочудан баш тартуу (1) Шектүү, айыпкер, соттолуучу жактоочудан баш тартууга укуктуу. Мындай баш тартууга шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун өзүнүн демилгеси боюнча гана жол берилет жана ишке прокурордун, ошого тете башка шектүүлөрдүн, айыпкерлердин, соттолуучулардын жактоочуларынын катышуусуна тоскоолдук кылбайт. (2) Жактоочудан баш тартуу жактоочунун катышуусунда ишке ашырылат. (3) Жактоочудан баш тартканда актоо иши шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун өзү тарабынан ишке ашырылат. (4) Ушул Кодекстин 46-статьясынын 2-5-пункттарында каралган учурларда шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жактоочудан баш тартуусу тергөөчү, сот үчүн милдеттүү болуп саналбайт. (5) Шектүүнүн, айыпкердин, соттолуучунун жактоочусун ишке катышуудан бошотуу тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен жол-жоболоштурулат.".
5. 95-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү жана төртүнчү сүйлөмдөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Протокол шектүүгө жактоочунун көзүнчө жарыяланат, мында ага ушул Кодекстин 40-статьясында каралган укуктары түшүндүрүлөт. Кармоо протоколуна аны түзгөн адам, кармалган адам жана аны жактоочу кол коет.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон