98-берене. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздары"
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңеште катталган мыйзам долбоору боюнча жооптуу комитет мыйзам долбоорунун "иш кагаздарын" жүргүзөт.
2. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздарына" киргизүүнүн, кароонун же кабыл алуунун хронологиялык тартиби боюнча төмөнкү документтер кирет:
1) мыйзам долбоору, анын ичинде альтернативдүү мыйзам долбоору жана коштоочу документтер;
2) комитеттердин альтернативдүү корутундуларынын долбоорлору;
3) арадагы бардык редакциялар;
4) мыйзам долбооруна карата сунуштар жана түзөтүүлөр;
5) мыйзам долбоору боюнча комитеттердин корутундулары жана бардык экспертизалардын корутундулары;
6) жооптуу комитеттин жыйналыштарынын протоколдору;
7) Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын протоколдорунан жана стенограммаларынан үзүндү көчүрмөлөр;
8) жашыруун же ачык добуш берүүнүн натыйжалары;
9) мыйзамдын акыркы редакциясынын тексти;
10) парламенттик угуулардын сунуштары.
3. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздарына" басылма тексттери, мөөр басылган жана өздөрү кол койгон документтердин түп нускалары же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү кошулат.
4. Мыйзам долбоорунун "иш кагаздары" сессия аяктагандан кийин Аппараттын тиешелүү кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин архивине өткөрүлүп берилет.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
98-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-98" title="98-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>