89-берене. Жогорку Кеңештин эсептөө комиссиясынын иши
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Эсептөө комиссиясы:
1) бюллетендердин формасын белгилейт жана алардын шайланган депутаттарынын санына ылайык санда даярдалышын контролдойт;
2) депутаттарга бюллетендерди өзүнө кол койдуруп берет;
3) добуш берүүнү даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат;
4) бюллетендерди берүү аяктагандан кийин, калгандарын жок кылат;
5) добуш берүүнүн убактысын белгилейт;
6) добуш берүүнүн жүрүшүндө келип чыгуучу карама-каршылыктарды жана талаштарды чечет;
7) урнаны ачууну жана добуштарды эсептөөнү жүзөгө ашырат;
8) добуш берүүнүн натыйжаларын, анын ичинде даярдалган, берилген, жок кылынган, анык, анык эмес бюллетендердин жалпы санын, ошондой эле добуштарды эсептөөнүн натыйжасын жарыя кылуу менен Жогорку Кеңешке берет.
2. Добуштарды эсептөөдө белгиленбеген формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эрк-ниетин аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер анык эмес деп эсептелет.
3. Урнаны ачуу жана бюллетендер боюнча добуштарды эсептөө жыйналыштар залында ачык түрдө эсептөө комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөө комиссиясы протоколго чагылдырат, ага катышып жаткан комиссия мүчөлөрү кол коет.
Комиссия мүчөлөрүнүн бири протоколго макул эмес болгон учурда, ал жазуу түрүндө өзгөчө пикирин билдирет, ал протоколго тиркелип, жыйналышта жарыя кылынат.
5. Жогорку Кеңештин депутаттары эсептөө комиссиясынын ишинин жүрүшүнө кийлигишүү укугусуз жашыруун добуш берүүнүн натыйжаларын эсептөөдө катышып турушу мүмкүн.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
89-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-89" title="89-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>