8-берене. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын, Төрага шайланганга чейин төрагалык кылуучунун функцияларын аткаруучу, жашы боюнча улуу шайланган депутат ачат.
3. Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагасына сөз берет.
4. Шайланган депутат Кыргыз Республикасынын Конституциясынын текстине оң колун коюп, Жогорку Кеңештин алдында төмөнкүдөй мазмундагы ант берет:
"Мен. ..., Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга киришип жатып, Кыргыз Республикасына берилгендигимди билдирип, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга, кыргыз мамлекетинин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого ант беремин".
5. Анттын текстинен жана аны берүүнүн жол-жоболорунан четтөөгө жол берилбейт. Четтеп кеткен учурда ант кайталанып берилет.
6. Ант берүү жол-жоболорунун сакталышын контролдоону Жогорку Кеңештин Даярдык көрүүчү тобу жүзөгө ашырат.
7. Жогорку Кеңештин депутаты ант бергенден кийин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы ага күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат.
8. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары ал ант берген күндөн тартып башталат.
9. Катышып отурган депутаттар тарабынан ант берүү жол-жобосу аяктагандан кийин биринчи жыйналыш жабылат.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2015 · № 24-VI · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>