58-берене. Мыйзам долбоорунун үчүнчү окууда каралышы
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 8-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Мыйзам долбоорунун үчүнчү окуусу жооптуу комитеттин өкүлүнүн кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен, аны комитетте кароонун натыйжалары жөнүндө баяндамасынан башталат.
2. Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо анын текстинин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
3. Үчүнчү окууда мыйзам долбоорун жалпысынан же болбосо анын айрым түзүмдүк бирдиктерин талкуулоого кайрылып келүүгө жол берилбейт.
4. Мыйзам долбоору боюнча жыйынтыктоочу добуш берүүнүн алдында жооптуу комитет тарабынан, Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн катышуусу менен мүмкүн болгон ички карама-каршылыктарды четтетүү жана беренелердин өз ара туура байланышын белгилөө үчүн мыйзам долбоорунун текстин редакциялык оңдоолор жүргүзүлөт.
5. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорунун биротоло акыркы текстин үчүнчү окууда кабыл алуу же болбосо аны четке кагуу жөнүндө жыйынтыктоочу добуш берүү өткөрөт.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
58-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-58" title="58-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>