54-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун төртүнчү окууга даярдоо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдарды кароодо Жогорку Кеңеш төртүнчү окуу өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Жооптуу комитет Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте, Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасынын негизинде үчүнчү окуу боюнча мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло акыркы текстин даярдайт.
2. Жооптуу комитет корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкү материалдарды жиберет:
1) мыйзам долбоорунун биротоло текстин;
2) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
54-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-54" title="54-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>