52-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоо
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 7-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 апреля 2012 года № 40
1. Мыйзам чыгаруу демилге укугунун субъекттери Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү аркылуу, ушул Регламенттин 56-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө, алардын негиздемеси менен мыйзам долбооруна карата жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү бир эле мезгилде жооптуу комитетке жана эксперттик кызматка жиберет.
2. Эксперттик кызмат жооптуу комитетке келип түшкөн түзөтүүлөргө корутундуну биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен берет.
3. Жооптуу комитет төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат:
1) ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык сунуштарды жана түзөтүүлөрдү, демилгечилерден экинчи окууга карата келип түшкөн түзөтүүлөрдү;
2) (КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 40 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) эксперттик кызматтын корутундусун;
4) башка тармактык комитеттердин корутундуларын.
4. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбооруна карата түзөтүүлөрдү кароо, биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин 20 жумушчу күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
5. Жооптуу комитеттин жыйналышына аны өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө алдын ала кабарландырылган түзөтүүлөрдүн демилгечилери, мыйзам долбоорунун демилгечиси же анын ыйгарым укук берген өкүлү чакырылат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси же анын өкүлү келбеген учурда, комитет аны кароону башка убакытка калтырууга укуктуу. Түзөтүүлөрдүн демилгечилеринин келбегени мыйзам долбоорун кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
6. Жооптуу комитет келип түшкөн түзөтүүлөрдү карайт жана аларды кабыл алуу же четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. Кабыл алынган түзөтүүлөр экинчи окууга даярдалышы керек болгон мыйзам долбооруна киргизилет.
7. Жооптуу комитет экинчи окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкү материалдарды жиберет:
1) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алууга сунушталган түзөтүүлөр эске алынган мыйзам долбоорунун текстин;
2) түзөтүүлөрдүн салыштырма таблицасын;
3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун;
4) келип түшкөн түзөтүүлөр боюнча эксперттик кызматтын корутундусун;
5) алар өткөрүлгөн учурда, өткөрүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу маалыматты.
(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 16.04.2012 · № 40 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-52" title="52-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>