43-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартиби
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңештин жыйналышы маселелерди кароонун кезектүүлүгүн аныктоо менен, ар айлык пландын негизинде жыйналыштын Төрага сунуш кылган күн тартибин бекитүүдөн башталат.
2. Жогорку Кеңеш комитеттерде каралган мыйзамдардын долбоорун жыйналыштын күн тартибине мөөнөтүнөн мурда киргизүүгө укуктуу.
3. Жогорку Кеңеш тарабынан жооптуу комитеттин жылдыруу жөнүндө чечими жактырылган учурларды кошпогондо, жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени кароону Жогорку Кеңештин чечими боюнча бир жолудан ашык эмес жылдырууга жол берилет.
4. Жыйналыштын күн тартиби катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен бекитилет.
5. Ушул Регламенттин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 6-9-, 13-, 15-, 17-30-, 33-, 38-, 39-пункттарында каралган маселелер ушул Регламентте белгиленген шарттар сакталганда, жыйналыштын күн тартибине аны Жогорку Кеңештин бекитүүсү жок эле Төрага тарабынан киргизилет.
6. Өкмөт тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоору жооптуу комитеттин корутундусу болгондо, жыйналыштын күн тартибине киргизилет жана Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.
7. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, жыйналыштардын күн тартибинин маселелери боюнча материалдар депутаттарга Жогорку Кеңештин жыйналышына чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен берилет.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-43" title="43-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>