146-берене. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Эгерде депутат жыйналыштарда өзүнүн жүрүм-туруму менен Жогорку Кеңештин жыйналышын өткөрүүгө жолтоо кылса, төрагалык кылуучунун эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же жыйналыштын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган темадан башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
1) эскертүү;
2) айкын маселени кароодо микрофонду өчүрүү менен сөз бербөө;
3) жыйналыштын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
2. Ушул берененин жоболорун биринчи жолу бузганда, төрагалык кылуучу эскертүү берет жана ушул Регламент менен белгиленген тартипти сактоо талабы менен кайрылат. Кайрадан жана андан кийин да тартип бузуулар болсо, ага карата ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чара көрүү колдонулат.
3. Эгерде депутат башка адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан жана кесөө көрсөткөн, күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү органдарга берилет.
4. Депутатка жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышкандарга карата колдонулуучу чаралар жыйналыштын протоколунда белгиленет.
5. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон комитет тармактык комитеттердин төрагаларынын, Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматтарынын негизинде Жогорку Кеңештин жана комитеттердин жыйналыштарына депутаттардын катышуусунун жыйынтыгын ай сайын чыгарат.
Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча комитет жүйөлүү себептерсиз жыйналыштарга катышпаган депутаттардын тизмесин Төрагага берет, ал катышпай калган ар бир күн үчүн депутаттык ай сайын төлөмдөрдөн 1/10 бөлүгүн кармап калууга тескеме чыгарат. Жүйөлүү себептерсиз катышпаган депутаттардын тизмеси Жогорку Кеңештин жыйналышында комитеттин төрагасы тарабынан жарыя кылынат жана жарыя кылынган күндөн тартып бир күндүк мөөнөттө анын сайтына жарыяланат.
6. Комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарында тартипти сактоо максатында алардын төрагаларынын Жогорку Кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылуучу сыяктуу эле укуктары бар жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган чараларды колдонушу мүмкүн. Комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарында депутаттарга карата колдонулуучу чаралар комиссия тарабынан жыйналыштардын протоколунда белгиленет жана ошол депутаттар мүчөсү болуп саналган фракцияларга карап чыгуу үчүн берилет.
7. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон комитеттердин мүчөлөрү фракциялардын мүчөлөрүнүн жүрүм-турум этикасы боюнча фракциялардын жыйналыштарына катышууга укуктуу.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
146-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-146" title="146-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>