137-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 28-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын алып салуу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка жарандыкты кабыл алганда;
3) башка ишке өткөндө же ал депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда;
4) шайлоолор жараксыз деп табылганда;
5) туруктуу жашоого Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып кеткенде;
6) сот тарабынан депутат жөндөмсүз деп табылганда;
7) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарына 30 же андан көп жумушчу күнү жүйөлүү себептерсиз катышпаганда;
9) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
10) депутат каза болгондо.
2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз пайда болгон күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат.
3. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.
4. Депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштама Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга тиешелүү негиздер белгиленген күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө берилет:
1) тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-, 5- жана 10-пункттарында каралган учурларда;
2) сот тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-, 6-, 7 жана 9-пункттарында каралган учурларда;
3) Жогорку Кеңеш тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3- жана 8-пункттарында каралган учурларда.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
137-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 36 «Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун, шаардык кеӊештердин…Постановление · 11.02.2020 · № 36
- КР Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 23-декабрындагы № 36-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2010 · № 36-V
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-137" title="137-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>