12-берене. Фракциянын укуктары
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Жогорку Кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
2) башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
3) Төрагага Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
4) фракциянын өкүлүн фракциянын атынан билдирүүлөр, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирмелер жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө өкүлдөөгө;
5) башка фракциялар менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын жыйналышына кызыкдар адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистер менен кеңешүүгө;
6) Мыйзам чыгаруу иш планы жана Жогорку Кеңештин ар жылдык жумуш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
7) Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
8) фракциялардын өкүлчүлүгүнүн тең салмактуулук принцибин сактоо менен, парламенттик делегациялардын, достук топторунун курамына фракция мүчөлөрүн кошуу (чакыртып алуу) боюнча сунуштарды киргизүүгө;
9) Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон кызмат адамдарын шайлоо, бошотуу, бекитүү, жактыруу, макулдук берүү, дайындоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
10) айрым маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топторун түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
11) Жогорку Кеңешке жана комитеттерге парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
12) Конституциянын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-3 жана 5-9-пункттарында каралган негиздер боюнча фракция мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
13) Жогорку Кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизүү үчүн кандай гана болбосун талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;
14) фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого, ошондой эле Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырууга;
15) фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чыңдоо максатында зарыл чараларды көрүүгө;
16) концепциясын, максатын жана милдетин кыскача баяндоо менен, мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун зарылдыгы жөнүндө Өкмөткө мыйзам чыгаруу сунушун жиберүүгө;
17) өзүнүн өкүлүн комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төраганын орун басарынын кызмат ордунан чакыртып алууга;
18) фракция жөнүндө жобого ылайык өзүнүн мүчөлөрүнө таасир этүү чараларын көрүүгө;
19) Конституцияда жана ушул Регламентте каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
2. Фракциялардын Конституцияда жана ушул Регламентте кепилденген укуктары парламенттик көпчүлүк тарабынан чектелиши мүмкүн эмес.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4185-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2014 · № 4185-V · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кенешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 4185-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2014 · № 4185-V · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>