107-берене. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия түзүү
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
1. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия бир гана конкреттүү маселени (бир ишти, бир адамдын аракеттерин) териштирүү же иликтөө үчүн түзүлөт жана маселени иликтөө аяктагандан кийин таратылат.
2. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия фракциянын лидерлеринин жазуу жүзүндөгү сунуштамасы боюнча пропорциялык катышта фракциялардын депутаттарынын ичинен түзүлөт.
3. Комиссиянын тизмелик курамы парламенттик териштирүүнү дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынган күндөн тартып 7 жумушчу күндөн кечиктирилбестен катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен Жогорку Кеңештин токтому аркылуу бекитилет.
4. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары бекитилген комиссиянын курамынан катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат.
5. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия, ушул беренеде белгиленген ченемдерден тышкары, убактылуу комиссияларды түзүү үчүн каралган тартипте түзүлөт.
6. Парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия Жогорку Кеңештин алдында отчет берет жана Жогорку Кеңештин алдында гана жооптуу болуп эсептелет.
Жогорку Кеңеш аралык отчет берүүнүн мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу.
7. Эгерде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүтөөрүнө 4 айдан ашык эмес убакыт калса, парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссияны түзүүгө жол берилбейт.
8. Бир эле маселе боюнча эки же андан көп комиссияларды түзүүгө жол берилбейт.
Комиссиянын ишинде ушул Регламенттин жана мыйзамдардын ченемдерин бузуулар белгиленген учурда Жогорку Кеңеш ушул маселе боюнча кайрадан комиссия түзөт.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
107-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 2-сентябрындагы, №404 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына сунуштар тууралуу"Постановление · 02.09.2005 · № 404 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-107" title="107-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>