1-берене. Ушул Регламентте колдонулуучу терминдер
Күчүн жоготкон · 16.11.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106.
Ушул Регламенттеги төмөндө келтирилген аныктамалар жана түшүнүктөр төмөнкүдөй мааниге ээ: атаандаш мыйзам долбоорлору - бир эле коомдук мамилелерди жөнгө салууга багытталган, мыйзам чыгаруу демилгесинин ар кыл субъекттеринен Жогорку Кеңешке бир убакта келип түшкөн мыйзам долбоорлору; мыйзам долбоорлорунун базасы - Жогорку Кеңешке расмий келип түшкөн жана каттоого алынган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жыйындысы; мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар - өлкөнүн жашап кетүү, коопсуздук жана өнүгүү муктаждыктары, ошондой эле мамлекеттин улуттук кубаттуулугун арбытууга жана жарандардын көпчүлүгүнүн турмуш жыргалчылыгын арттырууга кызмат кылуучу, тарыхый жана маданий мурастарынын баалуулуктары, жашоо ыңгайы, мамлекеттик саясат субъекттеринин иштеринин, умтулуулары жана демилгелери менен шартталган кызыкчылыктар; мыйзам чыгаруу сунушу - Жогорку Кеңештин мыйзам же башка ченемдик укуктук акты долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө Өкмөткө сунушу; шайланган депутат - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия) тарабынан депутат катары катталган, бирок өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга кирише элек (шайлоонун натыйжаларын расмий жарыялагандан кийин же болбосо бошогон мандатты алуу тартибинде) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер; кызыкчылыктардын кагылышуусу - аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда депутаттардын мүлктүк же башка жеке кызыкчылыктарынын коомдук жана мамлекеттик (улуттук) кызыкчылыктар менен каршы келген кырдаал; Жогорку Кеңештин Координациялык Кеңеши - Жогорку Кеңештин ишин натыйжалуу уюштуруу маселелерин жамааттык чечүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин туруктуу органы; мыйзам долбоорунун лингвистикалык экспертизасы - юридикалык техниканын эрежелеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен мыйзам долбоорунун текстинин заманбап кыргыз жана орус тилдеринин ченемдерине ылайыктуулугун баалоо жана грамматикалык, синтаксистик, стилистикалык, логикалык, редакциялык-техникалык каталыктарды жана терминдерди колдонуудагы каталыктарды четтетүү боюнча сунуштамаларды берүү; жеке кызыкчылык - өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжасында Жогорку Кеңештин кызмат адамдары, депутаттары өзү же өзүнүн жакындары үчүн түз же кыйыр түрдө алууга умтулган же алып жаткан материалдык же башка пайда; коомдук кызыкчылык - коомдун бакубаттуулугун, туруктуулугун, коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен байланышкан кандай гана болбосун жактын (жактардын) кызыкчылыгы; коомдук экспертиза - көз карандысыз коомдук же эксперттик уюмдар, улуттук же эл аралык эксперттер тарабынан жүргүзүлүүчү экспертиза; ачык добуш берүү - добуш берүү ыкмасы, мында ар бир депутаттын жооптун варианттарынын ("макул", "каршы") бири боюнча атын атап добуш берүүдөгү эркин билдирүүсү жана натыйжасы белгиленет; мыйзамдын долбоору (мыйзам долбоору) - мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна расмий киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору; жыйналыштын протоколу - жыйналыштын жүрүшүн башталышынан тартып аяктаганына чейин белгилөөчү документ; жыйналыштын стенограммасы - Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан уюштурулган башка иш-чаралардын катышуучуларынын оозеки сүйлөгөн сөздөрүнүн укма стенограммасынан сөзмө сөз жазуу көчүрмөсүн билдирген документ; мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти - Жогорку Кеңештин кароосуна өз атынан мыйзамдардын долбоорлорун киргизүү укугуна ээ болгон субъект; жашыруун добуш берүү - добуш берүүнүн түрү, мында катышуучулар анонимдүү добуш беришет жана жооптун варианттарынын ("макул", "каршы") бири боюнча добуш берүүчүнүн эрк билдирүүсүн контролдоого болбойт; жыйналышка катышкан депутаттардын саны - жыйналыштар залында отурган жана добуш берүүнү өткөрүүнүн алдында каттоодон өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны. Ушул Регламентте колдонулуучу, бирок ушул беренеде камтылбаган терминдер, алардын жалпы кабыл алынган маанилерине ылайык колдонулат.
Берененин тексти 16.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндөЗакон · 17.02.2011 · № 1
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203166/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>