Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 220
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене.
"Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 194-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьяда:
9-бөлүктөгү "номери болот" деген сөздөрдөн "кийин жана шарттуу жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы бөлүктөр менен толукталсын: "Камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгү - бул жекече камсыздандыруу эсебинин бөлүгү, ага камсыздандырылган адамдын топтолуучу камсыздандыруу акылары, инвестициялык киреше эсепке алынат жана анын негизинде пенсиянын топтолуучу бөлүгү төлөнөт. Камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгү - бул жекече камсыздандыруу эсебинин бөлүгү, ага эмгек акы же камсыздандыруу акысы түрүндө камсыздандырылган мезгил жөнүндө маалымат эсепке алынат, анын негизинде пенсиянын шарттуу бөлүгү эсептелет.".
2. 3-статьянын үчүнчү абзацында "жана эмгек акы" деген сөздөр ", эмгек акы жана камсыздандыруу акылары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 6-статьяда:
2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: "16-1) инвестициялык кирешенин суммасы;"; 5-бөлүгү "берилет" деген сөз ", ал эми камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолору жөнүндө маалыматтар пенсияларды дайындоо жана төлөө боюнча тиешелүү түзүмгө берилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "Эгерде камсыздандырылган адам каза болсо (же туруктуу жашоого башка өлкөгө кетсе) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аймактык органдары пенсиялык топтоолорду дайындоо жана төлөө боюнча кызматтарга камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө камтылган маалыматтарды берет.".
4. 8-статьянын 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көрсөтүлгөн маалыматтар кагазга жазылган, ошондой эле электрондук тариздеги (магниттик жазуу же байланыш каналы боюнча) документ түрүндө берилиши мүмкүн. Бул учурда берилген документтердин юридикалык күчү электрондук санариптик колтамга же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка системалар менен ырасталууга тийиш.".
5. 11-статьяда:
2-бөлүктөгү:
- биринчи абзацындагы "календарлык жыл" деген сөздөр "отчеттук ай" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8) камсыздандыруу эсебинин шарттуу бөлүгүнө камсыздандыруу акыларынын төлөнгөн суммасы;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1) камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүнө камсыздандыруу акыларынын төлөнгөн суммасы;"; 3-бөлүгүндөгү "отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен" деген сөздөр "ар бир айдын 15инен" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: "3-1) ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 8 жана 8-1-пункттарына ылайык акылардын суммасы;".
6. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:
"11-1-статья. Инвестициялык кирешелер жөнүндө маалыматтарды берүү
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен келишимдерге ылайык пенсиялык топтолуучу каражатты түзүү жана инвестициялоо боюнча мамилелердин субъекттери белгиленген формада инвестициялануучу пенсиялык активдерден инвестициялык кирешелерди эсептөө үчүн маалыматты Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна беришет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам 1-статьянын 3, 5 жана 6-пункттарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын 3, 5 жана 6-пункттары 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 154
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 5-октябрындагы, №470 "Милдеттуу мамлекеттик социалдык камсыздандаруу максаттары учун Кыргыз Республикасынын жарандарын…Постановление · 05.10.2005 · № 470 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-апрелиндеги №245 "Милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече…Постановление · 23.04.2009 · № 245 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от от 26 декабря 2003 года № 804 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменении и дополнении в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 26.12.2003 · № 804 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон