1-берене
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
"Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 9-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Эгерде сумма "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген чектик суммадан ашык болсо, чет өлкө валютасын сатып алууну же сатууну жүзөгө ашыруучу адамдар ким экендигин ырастоочу документти көрсөтүүгө милдеттүү";
2. 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ыйгарым укуктуу банктар жана алмашуу бюролору "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектик суммадан ашкан чет өлкө валютасын жеке жактар менен алмашуу боюнча операцияларды жеке жак ким экендигин ырастоочу документин көрсөткөндө гана жүзөгө ашырышат".
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Об операциях в иностранной валютеЗакон · 05.06.1995 · № 6-1 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203152/st-1" title="1-берене - Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>