1-берене
Күчүндө · 19.05.2009 редакциясы
Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетине төмөндөгүдөй тактоолорду караган "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жыл, 27-январь, № 6) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1-бөлүктөгү "44616805,7", "48105805,7", "3432707,7" деген цифралар тийиштүү түрдө "48111574,5", "52216748,1", "4105173,6" деген цифраларга алмаштырылсын;
2-бөлүктөгү "3489000,0" деген цифралар "4105173,6" деген цифраларга алмаштырылсын;
3-бөлүктөгү "3489000,0" деген цифралар "4105173,6" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. 5-берененин 1-бөлүгүндөгү "4650749,5", "6640796,4" деген цифралар тийиштүү түрдө "4670689,5", "7917161,1" деген цифраларга алмаштырылсын.
3. 7-берененин 1-бөлүгүндөгү "жана областтык маанидеги шаарларды" деген сөздөр "маанидеги Бишкек жана Ош шаарларын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 10-беренедеги "2009-жылдын 1-январына" деген сөздөр "2010-жылдын 1-январына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 11-беренедеги "181944,0" деген цифралар "231574,4" деген цифраларга алмаштырылсын.
6. 12-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-берене. 2009-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн салык агентине төлөөчү киреше салыгынан пландык түшүүлөрдөн чегерүүнүн төмөнкү ченеми бекитилсин:
- республикалык маанидеги шаарларга - 35 пайыз өлчөмүндө;
- областтык маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
- райондук маанидеги шаарларга - 30 пайыз өлчөмүндө;
- райондорго - 30 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен).
Сатуудан түшкөн салыктар төмөнкү жергиликтүү бюджеттерге чегерилсин:
- республикалык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
- областтык маанидеги шаарларга - 50 пайыз өлчөмүндө;
- райондук маанидеги шаарларга - 25 пайыз өлчөмүндө;
- райондорго - 25 пайыз өлчөмүндө (райондук маанидеги шаарлардан түшүүлөрдү эсепке алганда райондун бардык контингентинен);
- айыл өкмөтүнө - 25 пайыз өлчөмүндө.
Милдеттүү патенттештирүү негизиндеги салык республикалык маанидеги шаарлардын, областтык маанидеги шаарлардын, райондук маанидеги шаарлардын жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 50 пайыз өлчөмүндө эсептелсин. Жер салыгы, ыктыярдуу патент негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизиндеги түшүүлөр 100 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө калтырылсын. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын атайын каражаттарынын суммаларынан түшүүчү атайын каражаттарга салык жергиликтүү бюджетке кошуп эсептөөгө жатат. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча ашыра аткаруу суммаларынан жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченеми пландуу түшүүлөрдөн чегерүүлөр менен бирдей ченемде белгиленсин. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.".
7. 13-беренеде:
1-бөлүктөгү "4118732,4" деген цифралар "4209069,4" деген цифраларга алмаштырылсын; 3-бөлүктөгү "орто жана башталгыч" деген сөздөр алып салынсын.
8. 14-берененин 1-бөлүгүндөгү "680794,1" деген цифралар "773022,2" деген цифраларга алмаштырылсын.
9. 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17-берене. Үстүдөгү жылда кабыл алынган кошумча финансы ресурстарын талап кылган ченемдик актылар боюнча чыгымдар 2010-2011-жылдардагы болжолдуу мезгилден кийинки жылдардагы бюджетте каралаары белгиленсин. Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык мааниси бар мыйзамдар буга кирбейт.".
10. 1, 1-1, 1-2, 2, 2-1, 3, 4, 5 жана 6-тиркемелер ушул Мыйзамдын 1, 1-1, 1-2, 2, 2-1, 3, 4, 5 жана 6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
11. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 19-берене менен толукталсын:
"19-берене.
Республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча пайдасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын учурдагы эсебине чегерилет.".
12. 19-берене 20-берене деп эсептелсин.
Берененин тексти 19.05.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203151/st-1" title="1-берене - О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 2009 год и прогнозе на 2010-2011 годы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>