Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Эмгекти коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 5 июня 2026 года № 82 "Об охране труда"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-05.
КР 2026-жылдын 5-июнундагы №82 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 17-апрели № 127 "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене. "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-статьянын 1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы алып салынсын.
2. 11-статьянын 2-бөлүгүнүн он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контроль органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгектин шарттарын жана аны коргоону текшерүү жана өндүрүштөгү кырсыктар менен кесиптик ооруларды териштирүү үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө;".
3. 17-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "байкалганда," деген сөздөн кийин "мыйзамда белгиленген тартипте", деген сөздөр менен толукталсын.
4. 18-статья алып салынсын.
5. 19-статьянын 1-бөлүгүндөгү "эмгекти коргоо чөйрөсүн контролдоочу мамлекеттик органдар менен бирдей укукка ээ болуучу" деген сөздөр алын салынсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Эмгекти коргоо жөнүндөЗакон · 05.06.2026 · № 82
- Электр беруу линияларды куруудагы жана электрдик жумуштарды өндүрүүдогу коопсуздук (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдын 3-августундагы № 01-13/160…Правила · 03.08.2023 · № 01-13/160
- Эмгекти коргоо жөнүндөЗакон · 01.08.2003 · № 167 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Эмгекти коргоо жөнүндөЗакон · 05.06.2026 · № 82
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "2007-2010-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү" СтратегиясыСтратегия · 16.05.2007 · № 249 · Күчүн жоготкон