1-берене
Күчүн жоготкон · 02.08.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 августа 2017 года № 165.
"Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 26-бөлүк менен толукталсын: "Дары-дармек ылайыктуулугун тастыктоо - дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун сертификатташтыруу жана декларациялоо формасында ишке ашырылган, коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун тастыктоочу процедура."; 30-бөлүк алып салынсын.
2. 8-статьянын 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо жүзөгө ашырылат.".
3. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11-статья. Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо
Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
4. 18-статьянын 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- дары-дармек каражаттарды алардын коопсуздугун ырастаган сертификаты же тууралыгы жөнүндө декларациясы болгон учурда сатып өткөрүүгө;".
5. 22-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сапатты, натыйжалуулукту жана коопсуздукту контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты өнүктүрүү;".
Берененин тексти 02.08.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Дары-дармек каражаттары жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 91 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203128/st-1" title="1-берене - "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>