Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «»Дары-дармек каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 2 августа 2017 года № 165 "Об обращении лекарственных средств"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-08-02.
КР 2017-жылдын 2-августундагы № 165 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 28-марты № 92 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-берене. "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 322-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы 26-бөлүк менен толукталсын: "Дары-дармек ылайыктуулугун тастыктоо - дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун сертификатташтыруу жана декларациялоо формасында ишке ашырылган, коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында дары-дармек каражаттарынын ылайыктуулугун тастыктоочу процедура."; 30-бөлүк алып салынсын.
2. 8-статьянын 1-бөлүгүнүн он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын аймагында дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо жүзөгө ашырылат.".
3. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"11-статья. Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо
Дары-дармек каражаттарынын тууралыгын тастыктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
4. 18-статьянын 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- дары-дармек каражаттарды алардын коопсуздугун ырастаган сертификаты же тууралыгы жөнүндө декларациясы болгон учурда сатып өткөрүүгө;".
5. 22-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сапатты, натыйжалуулукту жана коопсуздукту контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты өнүктүрүү;".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Дары-дармек каражаттары жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 91 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 594 “Дары каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 15.11.2016 · № 594 · Күчүн жоготкон
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Дары-дармек каражаттары жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 91 · Күчүн жоготкон