1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3-берене.
1. 2009-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жер салыгы жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттеринен башка мүлккө салык киргизилсин.
2. 2010-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде көрсөтүлгөн 1, 2 жана 3-топтордогу мүлк объекттери боюнча мүлккө салык киргизилсин.
3. 2011-жылдын 1-январынан тартып ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн салыктарды киргизүү жергиликтүү кеңештер тарабынан ишке ашырылат.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203123/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>