Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 7 мая 2013 года № 249 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-05-07.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 249 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2012-жылдын 11-октябры № 708 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. Бүткүл тексти боюнча:
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "айылдык округ" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "айылдык аймак" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "аткаруучу" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү жана сандагы "поселок", "шаар тибиндеги поселок", "поселоктун", "(шаарчанын)" деген сөздөр алып салынсын.
2. 14-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14-статья. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органынын (мэрия) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы".
3. 15-статьяда:
аталышындагы жана биринчи абзацындагы "райондук" деген сөз "жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын; 7-пунктундагы "өзгөчө баалуу жерлерден башка жерлерде" деген сөздөр алып салынсын.
4. 17-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. 18-статьянын 3-пунктундагы "райондун мамлекеттик администрациясы" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрация" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 4, 241-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 2-статьянын жыйырма алтынчы абзацындагы "облустардын жана" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 19-статьясы күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. 20-статья төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын токой мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы
Административдик чек аранын чегинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагына төмөнкүлөр кирет:
- токой фондун ижарага берүүгө 3 жылдан кем эмес мөөнөткө түзүлүүчү келишимдерди каттоо;
- токой-кадастрдык жана токойлорду эсепке алуу документтерин бекитүү;
- токой чарба маселеси боюнча мамлекеттик статистикалык отчетту жүргүзүү;
- токой жана аңчылык ресурстарынын абалына, кайтарылышына жана корголушуна, кайра өндүрүлүшүнө жана пайдаланылышына контролду уюштурууга катышуу;
- токой чарбасын өнүктүрүүнүн жылдык жана келечек пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- токой мыйзамдары, экологиялык жана санитардык эрежелер бузулган учурда уюмдардын жана жарандардын чарбалык ишин, ошондой эле объекттердин курулушун токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын сунушу боюнча токтотуу;
- токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органынын сунушу боюнча токой жана аңчылык чарбаны уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн схемаларын (анын ичинде корголуучу токой өстүрүү схемасын), долбоорлорун макулдашуу;
- токой чарбасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу жана аткарылышын уюштуруу боюнча токой чарбасын башкаруунун аймактык мамлекеттик органы менен биргеликте иш жүргүзүү;
- бүткөрүлгөн токой чарба объекттерин кабыл алууга катышуу.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна да жайылтылат".
4-берене.
"Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жылдын 13-майы, № 33) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "айылдык округ" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү "айылдык аймак" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 11-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктары
Жергиликтүү мамлекеттик администрация тийиштүү жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу менен тийиштүү райондун чегинде администрациялык-аймактык бирдиктерди жана калктуу конуштарды түзүү жана жоюу, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, алардын администрациялык борборун аныктоо жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын, алардын аталышын белгилөө жана өзгөртүп атоо, ошондой эле алардын аталыштарынын транскрипциясын өзгөртүү жөнүндө сунуштарды Өкмөткө киргизет.".
3. 12-берененин 3-абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- ушул Мыйзамдын 11-беренесине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өз сунуштарын киргизет.".
5-берене.
Кыргыз Республикасынын "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 10-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Жергиликтүү каттоо органдарынын жетекчилери тийиштүү мамлекеттик администрациялардын башчылары менен макулдашуу боюнча кыймылсыз мүлккө укуктуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.".
6-берене.
Кыргыз Республикасынын "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1997-жылдын 12-февралы, № 8) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 22-статьясы төмөнкү редакцияда баяндалсын: "22-статья. Аз камдуу керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү жана энергетикалык тейлөө кызматтарын көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жылуулук жана электр энергиясынын толук наркын төлөй албаган жана тандай албаган кардарлар пайдаланган энергиянын аныкталган санын төлөө үчүн гана түз субсидияларды бериши мүмкүн.".
7-берене.
"Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2003-ж., № 11, 500-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-статьяда:
- 1-бөлүгүндө "областтык" деген сөз алып салынсын;
- 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, облустук мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр "бюджет жана финансы чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-бөлүгүндө "областтык" деген сөз "жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 8-берененин 3-абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан" деген сөздөр "бюджет жана финансы чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул мыйзам мыйзам чыгаруу актыларын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында иштелип чыкты. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы менен "айылдык аймак" деген администрациялык-аймактык бирдик караштырылган, бардык текст боюнча "айылдык округ" деген сөздөрдү "айылдык аймак" деген сөздөр менен алмаштыруу бөлүгүнө тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 111-беренесинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумдарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк жана аткаруу органдары түзөт деген ченемдерин эске алып, Жер кодексинин бардык тексти боюнча "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-бөлүштүрүү органы" деген сөздөрдү "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы" деген сөздөргө алмаштыруу бөлүгүнө тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" жобону эске алып, ага ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишмердүүлүгү райондун деңгээлинде гана караштырылды. Бул долбоор менен Жер кодексинин 17-беренесин күчүн жоготту деп эсептөө сунушталат, анда облустук мамлекеттик администрациянын компетенциясы каралган. Жер кодексинин 17-беренесин күчүн жоготту деп эсептөө сунушталып жаткандыгын эске алып, облустук мамлекеттик администрациялардын функцияларын кайра бөлүштүрүү максатында, Жер кодексинин 15-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "өзгөчө баалуу жерлерден тышкары" деген сөздөрдү алып салуу сунуш кылынат, ошентип, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарына түрдүү категориядагы жерлерге долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү укугу бекитилет. Суу кодексинин 2-беренесинде тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат, ага ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын органы болуп бул райондун аймагындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы саналат. Токой кодексинин 19-беренесин күчүн жоготту деп эсептөө сунуш кылынат. Мында Токой кодексинин 20-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталып жатат, ал токой мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясы караштырылат, ага облустук мамлекеттик администрацияларга бекитилген ыйгарым укуктары да киргизилген. Мындан тышкары, Токой кодексинин 20-беренесинин жаңы редакциясында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын карамагынан жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө жана токой фондунун жер участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтүүсүз) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды жол-жоболоштуруу, каттоо жана берүү боюнча функциялар алып салынды. Себеби Кыргыз Республикасынын "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык республиканын бардык аймагында кыймылсыз мүлккө жана алар менен бүтүмдөргө мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун укуктук негиздерин жана иштөө тартибин аныктайт. Мында көрсөтүлгөн мыйзамдын 10-беренесине ылайык кыймылсыз мүлккө жана алар менен бүтүмдөргө болгон укуктар кыймылсыз мүлктүн жайгашкан орду боюнча жергиликтүү мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү жөнүндө" мыйзамынын 1 жана 4-беренесинде "айылдык округ" деген сөздөрдү "айылдык аймак" деген сөздөр менен алмаштыруу бөлүгүнө тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат. Көрсөтүлгөн мыйзамдын 11-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталат. Мындан тышкары, 11-берененин жаңы редакциясын эске алуу менен, 12-берененин 3-абзацына өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга өз сунуштарын мыйзамдын 11-беренесине ылайык киргизүү да караштырылат. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдын 11-беренесине ылайык акимдин - жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын ыйгарым укуктарынын катарында министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, судьялардан, прокурорлордон, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун мамлекеттик органынын, мамлекеттик статистика органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен тышкары, алардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берет, ошондой эле алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын кызмат орундарынан четтетүү тууралуу сунуштама киргизет. Бул жобону эске алуу менен Кыргыз Республикасынын "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктунун 2-абзацына тийиштүү өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. "Электр энергетикасы жөнүндө" мыйзамдын 22-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталат, ага ылайык Өкмөт, Бишкек шаарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жылуулук жана электр энергиясынын толук наркын төлөй албаган жана тандоого ээ болбогон кардарлар пайдаланган энергиянын аныкталган санын төлөө үчүн гана түз субсидияларды бериши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынат, ага ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар кирешелердин анык түшкөн көлөмдөрүндөгү бекитилген чыгымдар сметасына ылайык каржылоону жүргүзүшөт. Мындан тышкары мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү реформаларды жүзөгө ашыруу чегинде жүргүзүлүүчү мамлекеттик органдардын конкреттүү аталыштары өзгөргөндө ченемдик укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү зарылдыгын четтетүү максатында "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөрдү "бюджет жана каржы чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштыруу сунуш кылынат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамына ылайык облустук кеңештер жоюлган. Ушуга байланыштуу, көрсөтүлгөн мыйзамдын 6-беренесиндеги "облустардын" деген сөздү алып салуу сунушталат. Белгилей кетүүчү нерсе, бул мыйзам долбоору ишкердик ишмердүүлүк маселелерин козгобогондуктан, жөнгө салуучу таасирди анализдөө (Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 19-беренеси) талап кылынбайт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруусу актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды келтирбешин белгилейбиз. Мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык бул мыйзам долбоору коомдук талкууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылганын билдиребиз. Ошону менен бирге эле, коомдук талкуунун чегинде мыйзам долбооруна кандайдыр-бир сунуштар келген эместигин белгилейбиз.
Директор К.Нарбаев
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамына САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Жер кодекси)
| Иштеп жаткан редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| 4-статья. Жерге менчик 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндө болот. 2. Токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдүү пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринде түзүлгөн мамлекеттик асыл-тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялары менен полигондордун, айыл чарба тармагында окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын таяныч пункттарынын, көрсөтүлгөн чарбаларда жашап жана иштеген жарандардын жер үлүшү катары берилгенден башка жерлери да мамлекеттин менчигинде болот. Жерге мамлекеттик менчик укугун республиканын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте белгиленген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат. 3. [Айылдык округдун, поселоктун], шаардын чектериндеги, жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет. Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкарууну жана тескөөнү: - [айылдык округдун] чектеринде - [жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы]; - шаар чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары [айылдык округдун] жана шаар чектериндеги, мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкарууну ушул Кодексте каралган учурларда жүзөгө ашырат. 4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес. | 4-статья. Жерге менчик 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жер мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана менчиктин башка түрлөрүндө болот. 2. Токой, суу фондуларынын жерлери, өзгөчө корголуучу аймактарынын жерлери, запастагы жерлер, чек ара зонасындагы жерлер, анын ичинде Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлери, айылдык калк жашаган конуштардагы жайыттар, интенсивдүү пайдаланылуучу зонадагы жайыттар, ошондой эле алыскы жайыттар жана жеке менчикке жана муниципалдык менчикке берилбеген жерлер мамлекеттин менчигинде болот. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринде түзүлгөн мамлекеттик асыл-тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялары менен полигондордун, айыл чарба тармагында окуу жайлар менен илимий-изилдөө институттарынын таяныч пункттарынын, көрсөтүлгөн чарбаларда жашап жана иштеген жарандардын жер үлүшү катары берилгенден башка жерлери да мамлекеттин менчигинде болот. Жерге мамлекеттик менчик укугун республиканын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ушул Кодексте белгиленген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырат. 3. АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН, ШААРДЫН ЧЕКТЕРИНДЕГИ, ЖЕКЕ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИКТЕГИ ЖЕРЛЕРДЕН БАШКА ЖЕРЛЕР МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИК БОЛУП ЭСЕПТЕЛЕТ. Муниципалдык менчиктеги жерлерди башкарууну жана тескөөнү: - АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН чектеринде - ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН АТКАРУУ ОРГАНЫ; - шаар чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН жана шаар чектериндеги, мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкарууну ушул Кодексте каралган учурларда жүзөгө ашырат. 4. Жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес. |
| 5-статья. Чет өлкөлүк жактардын жер участогуна укугу 1. Чет өлкөлүк жактарга, эгер ушул статьяда башкача каралбаса айыл чарба багытындагы жерлер менчикке берилбейт. Айыл чарба багытындагы жер участогунун чет өлкөлүк жакка өтүшү универсалдуу укук мурастоо тартибинде ушул Кодекстин 37-статьясынын 2, 3-пункттарында каралган натыйжаларга алып келет. 2. Калк жашаган пункттун (шаарлардын, [шаарчалардын], айылдык калк жашаган пункттардын) чегиндеги жер участоктору чет өлкөлүк жактарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укуктарында берилиши мүмкүн же "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алар ипотекалык турак жай курулушун кредиттеген учурда менчикке берилиши мүмкүн. 3. Айыл чарба жерлерин кошпогондо, калктуу конуштардан тышкаркы жер участоктору чет өлкөлүк жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн. Башка учурларда калктуу конуштардан тышкаркы жерлер чет өлкөлүк жактарга универсалдуу укук мурастоо тартибинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет. 4. Чет өлкөлүк банктар менен адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер айыл чарба багытындагы жер участокторун өндүрүп алуу кырдаалы түзүлгөндө айыл чарба багытындагы жерлерди бир жыл аралыгында менчикте кармоого укуктуу. | 5-статья. Чет өлкөлүк жактардын жер участогуна укугу 1. Чет өлкөлүк жактарга, эгер ушул статьяда башкача каралбаса айыл чарба багытындагы жерлер менчикке берилбейт. Айыл чарба багытындагы жер участогунун чет өлкөлүк жакка өтүшү универсалдуу укук мурастоо тартибинде ушул Кодекстин 37-статьясынын 2, 3-пункттарында каралган натыйжаларга алып келет. 2. КАЛК ЖАШАГАН ПУНКТТУН (ШААРЛАРДЫН, АЙЫЛДЫК КАЛК ЖАШАГАН ПУНКТТАРДЫН) ЧЕГИНДЕГИ ЖЕР УЧАСТОКТОРУ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАКТАРГА, ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА ЖЕР УЧАСТОКТОРУ МӨӨНӨТТҮҮ (УБАКТЫЛУУ) ПАЙДАЛАНУУ УКУКТАРЫНДА БЕРИЛИШИ МҮМКҮН ЖЕ "КҮРӨӨ ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ЫЛАЙЫК АЛАР ИПОТЕКАЛЫК ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШУН КРЕДИТТЕГЕН УЧУРДА МЕНЧИККЕ БЕРИЛИШИ МҮМКҮН. 3. Айыл чарба жерлерин кошпогондо, калктуу конуштардан тышкаркы жер участоктору чет өлкөлүк жактарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн. Башка учурларда калктуу конуштардан тышкаркы жерлер чет өлкөлүк жактарга универсалдуу укук мурастоо тартибинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет. 4. Чет өлкөлүк банктар менен адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер айыл чарба багытындагы жер участокторун өндүрүп алуу кырдаалы түзүлгөндө айыл чарба багытындагы жерлерди бир жыл аралыгында менчикте кармоого укуктуу. |
| 10-статья. Жер фондусу Кыргыз Республикасынын жер фондусу айыл чарбалык жана айыл чарбалык эмес жерлерди камтыйт жана максаттуу багытына ылайык төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт: 1) айыл чарба багытындагы жерлер; 2) калктуу конуштардын (шаарлардын, [шаар тибиндеги поселоктордун] жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери; 3) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер; 4) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери; 5) токой фондусунун жерлери; 6) суу фондусунун жерлери; 7) сактоодогу жерлер. | 10-статья. Жер фондусу Кыргыз Республикасынын жер фондусу айыл чарбалык жана айыл чарбалык эмес жерлерди камтыйт жана максаттуу багытына ылайык төмөндөгүдөй категорияларга бөлүнөт: 1) айыл чарба багытындагы жерлер; 2) КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫН (ШААРЛАРДЫН ЖАНА АЙЫЛДЫК КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫН) ЖЕРЛЕРИ; 3) өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер; 4) өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери; 5) токой фондусунун жерлери; 6) суу фондусунун жерлери; 7) сактоодогу жерлер. |
| 13-статья. [Айылдык округдун, поселоктун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органынын] жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан компетенциясы 1. [Айылдык округдун, поселоктун] чегиндеги жерлерде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан [жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын] карамагына төмөндөгү маселелер кирет: 1) жер участогун менчикке берүү жана ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен пайдалануу; 2) жайыттарды пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануунун тартибин белгилөө; 3) жерге жайгаштырууну уюштуруу; 4) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук кылуу; 5) жер реформасын жүргүзүү; 6) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү. 2. Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин башкаруу көрсөтүлгөн Фонд карамагында турган мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча [айылдык округдун жана поселоктун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органы] тарабынан жүргүзүлөт. 3. Айылдык калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участокторуна укук берүү шаар куруу документтери, үй куруу эрежелери жана жерди пайдалануу негизинде, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте гана жүргүзүлөт. | 13-статья. АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН, ПОСЕЛОКТУН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУСУНУН АТКАРУУ ОРГАНЫНЫН жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан компетенциясы 1. Айылдык аймактын чегиндеги жерлерде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын карамагына төмөндөгү маселелер кирет: 1) жер участогун менчикке берүү жана ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен пайдалануу; 2) жайыттарды пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануунун тартибин белгилөө; 3) жерге жайгаштырууну уюштуруу; 4) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук кылуу; 5) жер реформасын жүргүзүү; 6) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү. 2. АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИН КАЙРА БӨЛҮШТҮРҮҮ ФОНДУНУН ЖЕРЛЕРИН БАШКАРУУ КӨРСӨТҮЛГӨН ФОНД КАРАМАГЫНДА ТУРГАН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН МЕНЕН МАКУЛДАШУУ БОЮНЧА АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУСУНУН АТКАРУУ ОРГАНЫ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. 3. Айылдык калктуу конуштардын чегараларында үй куруу үчүн жер участокторуна укук берүү шаар куруу документтери, үй куруу эрежелери жана жерди пайдалануу негизинде, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте гана жүргүзүлөт. |
| 14-статья. [Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (мэрия, шаардык башкаруу) аткаруучу-тескөөчү органынын компетенциясы] Шаардын чегиндеги жерлерде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан шаардык [жергиликтүү өз алдынча башкаруунун] (мэрия[, шаардык башкаруу]) [аткаруучу-тескөөчү органынын] карамагына тиешелүү түрдө төмөндөгүлөр кирет: 1) жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү; 2) жер жана шаар куруу кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү; 3) шаардык кеңеш менен бирдикте жерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу, шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу жана киргизүү; 4) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү; 5) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү; 6) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү. | 14-статья. ЖЕР МАМИЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН АТКАРУУЧУ ОРГАНЫНЫН ШААРДЫК МЭРИЯЛАРЫНЫН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ ШААРДЫН ЧЕГИНДЕГИ ЖЕРЛЕРДЕ ЖЕР МАМИЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАГЫНАН ШААРДЫК ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН АТКАРУУ ОРГАНЫНЫН (МЭРИЯЛАР) КАРАМАГЫНА ТИЕШЕЛҮҮ ТҮРДӨ ТӨМӨНДӨГҮЛӨР КИРЕТ: 1) жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү; 2) жер жана шаар куруу кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү; 3) шаардык кеңеш менен бирдикте жерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу, шаар куруу кадастрын иштеп чыгуу жана киргизүү; 4) жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү; 5) долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү; 6) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү. |
| 15-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө [райондук] мамлекеттик администрациянын компетенциясы Бишкек шаарынын райондорунан башка [райондук] мамлекеттик администрациянын райондун чегинде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан карамагына төмөндөгүлөр кирет: 1) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жерлери жана ушул Кодекстин 13, 14-статьяларында көрсөтүлгөн жерлер үчүн белгиленген чектөөлөр менен адамдарга жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү; 2) (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3) райондун аймагында жер кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү; 4) райондук маанидеги мал айдап өтүүчү жолдорду, анын ичинде мал токтотуучу аянтчаларды белгилөө; 5) райондук кеңеш менен бирдикте жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу; 6) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү; 7) [өзгөчө баалуу жерлерден башка жерлерде] долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү; 8) жер реформасын жүргүзүү; 9) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү. | 15-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ЖЕРГИЛИКТҮҮ мамлекеттик администрациянын компетенциясы Бишкек шаарынын райондорунан башка ЖЕРГИЛИКТҮҮ мамлекеттик администрациянын райондун чегинде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан карамагына төмөндөгүлөр кирет: 1) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жерлери жана ушул Кодекстин 13, 14-статьяларында көрсөтүлгөн жерлер үчүн белгиленген чектөөлөр менен адамдарга жер участогун менчикке жана пайдаланууга берүү; 2) (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 3) райондун аймагында жер кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү; 4) райондук маанидеги мал айдап өтүүчү жолдорду, анын ичинде мал токтотуучу аянтчаларды белгилөө; 5) райондук кеңеш менен бирдикте жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу; 6) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контролдук жүргүзүү; 7) ДОЛБООРЛОО-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРҮҮ; 8) жер реформасын жүргүзүү; 9) жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө ушул Кодексте каралган башка маселелерди чечүү. |
| [17-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө областтык мамлекеттик администрациянын компетенциясы] [Областтык мамлекеттик администрациянын карамагына областтын чек арасындагы жерлерде төмөндөгүлөр кирет: 1) (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2) жердин пайдаланылышына жана корголушуна контроль жүргүзүү; 3) жер кадастрын, жерге жайгаштыруунун схемаларын жана долбоорлорун бекитүү; 4) райондор аралык багыттагы мал айдап өтүүчү жолдорду, анын ичинде мал токтоочу аянттарды белгилөө; 5) жерди сарамжалдуу пайдалануу, кыртыштын асылдуулугун жогорулатуу боюнча программаларды иштеп чыгуу жана бекитүү жана аткаруу; 6) жер реформасын жүргүзүү; 7) өзгөчө баалуу жерлерди долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү; 8) ушул Кодексте каралган жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
| 18-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңешинин, райондук кеңештин, [айылдык округдун жана поселоктун] кеңештеринин компетенциясы 1. Республикалык маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын райондорунун чек араларына карата администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелүү жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт. 2. Областтык жана райондук маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелүү жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт. 3. Райондук кеңеш жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, [айылдык округдун, поселоктун] кеңештеринин макулдугу боюнча айылдык калктуу конуштарга [жана поселокторго] курулуш куруу долбоорлорунун башкы планын бекитет, жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участоктун чектик өлчөмдөрүн аныктайт, [райондун мамлекеттик администрациясы менен] бирдикте жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгат. 4. [Айылдык округдун], поселоктун кеңештери жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тиешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айыл жана поселок үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт, өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечишет. 5. (КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 6. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жайыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн белгилешет. | 18-статья. Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңешинин, райондук кеңештин, айылдык аймактын кеңештеринин компетенциясы 1. Республикалык маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын райондорунун чек араларына карата администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелүү жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт. 2. Областтык жана райондук маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелүү жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт. 3. Райондук кеңеш жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, айылдык аймактын кеңештеринин макулдугу боюнча айылдык калктуу конуштарга курулуш куруу долбоорлорунун башкы планын бекитет, жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участоктун чектик өлчөмдөрүн аныктайт, жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен бирдикте жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгат. 4. Айылдык аймактын, поселоктун кеңештери жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тиешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айыл жана поселок үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт, өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечишет. 5. (КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 6. Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары жайыттын аянт бирдигине, инфраструктурасына, ошондой эле продуктуулугуна жана алыс жайгашкандыгына карата оптималдуу ишти эске алуу менен жайыт пайдалануучулар үчүн мал башына акы төлөөнүн өлчөмүн белгилешет. |
| 29-статья. Соодалашуу аркылуу жер участогун менчикке же пайдаланууга берүү 1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана [жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы] ушул статьянын 5-пунктунда жана ушул Кодекстин 32-статьясында каралгандан башка учурларда, жер участогун менчикке же пайдаланууга соодалашууда сатуу аркылуу беришет. Соодага коюлган жер участогунун баштапкы старттык баасы жердин рыноктук наркы болуп саналат. 2. Сооданы өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. 3. Жер участогун менчикке же пайдаланууга сатуу боюнча соодалашуу ачык жүргүзүлөт. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө учурларда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн соодалашуу жарыяланган учурдан кийин жана аларды өткөрүү учурунда жер участогун алып коюуга укуктуу. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган типтүү жобого ылайык калктуу конуштарда жер участокторун сатпай туруп ижара шартында пайдаланууга берүүгө жол берилет. | 29-статья. Соодалашуу аркылуу жер участогун менчикке же пайдаланууга берүү 1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУНУН АТКАРУУ ОРГАНЫ ушул статьянын 5-пунктунда жана ушул Кодекстин 32-статьясында каралгандан башка учурларда, жер участогун менчикке же пайдаланууга соодалашууда сатуу аркылуу беришет. Соодага коюлган жер участогунун баштапкы старттык баасы жердин рыноктук наркы болуп саналат. 2. Сооданы өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. 3. Жер участогун менчикке же пайдаланууга сатуу боюнча соодалашуу ачык жүргүзүлөт. 4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө учурларда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн соодалашуу жарыяланган учурдан кийин жана аларды өткөрүү учурунда жер участогун алып коюуга укуктуу. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган типтүү жобого ылайык калктуу конуштарда жер участокторун сатпай туруп ижара шартында пайдаланууга берүүгө жол берилет. |
| 30-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди берүүнүн өзгөчөлүктөрү 1. Кыргыз Республикасынын жаранынын менчигине берилүүчү жер участогунун чектелүү өлчөмдөрү бош жерлердин болушун жана айыл калкынын айыл чарба жерлери (айдоо жер, көптөн бери пайдаланылбаган, чөп чабындылар, көп жылдык бак-дарактар отургузулган жерлер) менен камсыз болушун эске алуу менен, тиешелүү [айылдык округдун жана поселоктун] кеңештеринин макулдугу боюнча райондук кеңеш тарабынан аныкталат. 2. Айыл чарба багытындагы жерлерди менчикке же пайдаланууга берүүдө ошол [айылдык округдун] аймагында жашаган, ошондой эле үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө кеминде 0,10 га жер участогу (айдоо) бар жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары артыкчылык укугуна ээ болот. 3. Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша жаткан зоналарында жайгашкан жерлер Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчигине ушул Кодексте белгиленген тартипте берилиши мүмкүн. 4. (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 5. Айдоо жерлерине жана көп жылдык жемиш бактарынын ортосунда калган жана ага кирип турган жеке менчиктеги жайыт жана чабынды участоктору менчикке берилиши мүмкүн. | 30-статья. Айыл чарба багытындагы жерлерди берүүнүн өзгөчөлүктөрү 1. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНЫНЫН МЕНЧИГИНЕ БЕРИЛҮҮЧҮ ЖЕР УЧАСТОГУНУН ЧЕКТЕЛҮҮ ӨЛЧӨМДӨРҮ БОШ ЖЕРЛЕРДИН БОЛУШУН ЖАНА АЙЫЛ КАЛКЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА ЖЕРЛЕРИ (АЙДОО ЖЕР, КӨПТӨН БЕРИ ПАЙДАЛАНЫЛБАГАН, ЧӨП ЧАБЫНДЫЛАР, КӨП ЖЫЛДЫК БАК-ДАРАКТАР ОТУРГУЗУЛГАН ЖЕРЛЕР) МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШУН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН, ТИЕШЕЛҮҮ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН КЕҢЕШТЕРИНИН МАКУЛДУГУ БОЮНЧА РАЙОНДУК КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. 2. Айыл чарба багытындагы жерлерди менчикке же пайдаланууга берүүдө ошол АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНДА жашаган, ошондой эле үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө кеминде 0,10 га жер участогу (айдоо) бар жана бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары артыкчылык укугуна ээ болот. 3. Кыргыз Республикасынын чек арага жанаша жаткан зоналарында жайгашкан жерлер Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке менчигине ушул Кодексте белгиленген тартипте берилиши мүмкүн. 4. (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 5. Айдоо жерлерине жана көп жылдык жемиш бактарынын ортосунда калган жана ага кирип турган жеке менчиктеги жайыт жана чабынды участоктору менчикке берилиши мүмкүн. |
| 13-глава Калктуу пункттардын (шаарлардын, [шаар тибиндеги поселоктордун] жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери | 13-глава КАЛКТУУ ПУНКТТАРДЫН (ШААРЛАРДЫН ЖАНА АЙЫЛДЫК КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫН) ЖЕРЛЕРИ |
| 80-статья. Шаардын [(шаарчанын)] чеги 1. Шаардын [(шаарчанын)] чеги - шаардын [(поселканын)] жерлеринин тышкы чек арасы, ал аны жерлердин башка категорияларынан бөлүп турат жана шаарды, поселканы өнүктүрүүнүн белгиленген тартипте бекитилген башкы планынын негизинде аныкталат. 2. Шаардын [(шаарчанын)] чеги калктуу конуштарды куруу долбоорунун башкы планын бекиткен орган тарабынан белгиленет жана өзгөртүлөт. 3. Жер участокторун шаардын [(поселканын)] чегине киргизүү бул участоктордогу жерлерди пайдалануу укугун токтото албайт. | 80-статья. Шаардын чеги 1. Шаардын чеги - шаардын жерлеринин тышкы чек арасы, ал аны жерлердин башка категорияларынан бөлүп турат жана шаарды. поселканы өнүктүрүүнүн белгиленген тартипте бекитилген башкы планынын негизинде аныкталат. 2. Шаардын чеги калктуу конуштарды куруу долбоорунун башкы планын бекиткен орган тарабынан белгиленет жана өзгөртүлөт. 3. Жер участокторун шаардын чегине киргизүү бул участоктордогу жерлерди пайдалануу укугун токтото албайт. |
| 102-статья. Мамлекеттик жер кадастрынын максаты Бардык деңгээлдеги башкаруу органдарын, жеке жана юридикалык жактарды областтардын, райондордун, [айылдык округдун] аймагында жайгашкан бүткүл республиканын жерлеринин сапаты жөнүндө жана айрым алынган жер участогу тууралу маалымат менен камсыз кылуу мамлекеттик жер кадастрынын максаты болуп эсептелет. | 102-статья. Мамлекеттик жер кадастрынын максаты Бардык деңгээлдеги башкаруу органдарын, жеке жана юридикалык жактарды областтардын, райондордун, АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫН АЙМАГЫНДА жайгашкан бүткүл республиканын жерлеринин сапаты жөнүндө жана айрым алынган жер участогу тууралу маалымат менен камсыз кылуу мамлекеттик жер кадастрынын максаты болуп эсептелет. |
| 109-статья. Жерлердин санын жана сапатын эсепке алуу 1. Жерлердин санын жана сапатын эсепке алуу алардын иш жүзүндөгү абалына жана пайдаланылышына жараша жүргүзүлөт. Бардык өзгөрүүлөр алар болуп өткөндөн кийин, ошол жерде катталат. Жерлерди эсепке алуунун маалыматтары ар бир жер участогу боюнча мамлекеттик жер-кадастр документтерине киргизилет. 2. Эсептик маалыматтар жер участоктору жана жерлер, калк жашаган пункттар, [айылдык округдар,] райондор, областтар жана жалпы республика боюнча түзүлөт. 3. Жер участоктору боюнча жерлердин санын эсепке алуу жер участокторунун өлчөмүнө, алардын баалулугуна жана өлчөөнүн талап кылынган тактыгына жараша геодезиялык жана (же) картометрикалык усулдар менен жүргүзүлөт. 4. Жерлердин сапатын эсепке алууга табигый айыл-чарбалык райондоштуруу, топтоштуруу, кыртыштарды классификациялоо жана бонитировкалоо, алардын агроэкономикалык, экологиялык, технологиялык жана шаар куруу белгилери боюнча мүнөздөмөсү кирет. 5. Жерлердин өлчөмдөрү, жайгашкан жери, саны, сапаты, жерлердин курамы жөнүндө зарыл маалыматтар аларды алгачкы эсепке алууда чагылдырылат, ал эми жерлердин курамында, алардын сапатында жана пайдалануунун түрүндө келип чыккан өзгөрүүлөр жерлерди күндөлүк эсепке алууну жүргүзүү процессинде, кыртышты иликтөөдө жана шордуулукту аныктоодо, геоботаникалык изилдөөдө, жерлердин мониторингинде аныкталат. 6. Жерлерди негизги эсепке алуу мезгил-мезгили менен ошол жерлер жайгашкан чектердеги өзгөрүүлөрдүн олуттуу топтолушуна, жер участокторунун жана жерлердин пайдаланылышынын абалына жана мүнөзүнө жараша тиешелүү масштабдагы пландаштыруу-картографиялык негиздерди милдеттүү түрдө жаңыртуу менен, жерлерди инвентаризациялоону, кыртышты, геоботаникалык жана башка жерлердин мониторингин изилдөөнү жүргүзүү менен өткөрүлөт. 7. Мамлекеттик каттоо органдары мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү милдети жүктөлгөн органдарга жер участокторунда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө так маалыматтарды өз убагында берип турууга милдеттүү. | 109-статья. Жерлердин санын жана сапатын эсепке алуу 1. Жерлердин санын жана сапатын эсепке алуу алардын иш жүзүндөгү абалына жана пайдаланылышына жараша жүргүзүлөт. Бардык өзгөрүүлөр алар болуп өткөндөн кийин, ошол жерде катталат. Жерлерди эсепке алуунун маалыматтары ар бир жер участогу боюнча мамлекеттик жер-кадастр документтерине киргизилет. 2. Эсептик маалыматтар жер участоктору жана жерлер, калк жашаган пункттар, АЙЫЛДЫК АЙМАКТАР, райондор, областтар жана жалпы республика боюнча түзүлөт. 3. Жер участоктору боюнча жерлердин санын эсепке алуу жер участокторунун өлчөмүнө, алардын баалулугуна жана өлчөөнүн талап кылынган тактыгына жараша геодезиялык жана (же) картометрикалык усулдар менен жүргүзүлөт. 4. Жерлердин сапатын эсепке алууга табигый айыл-чарбалык райондоштуруу, топтоштуруу, кыртыштарды классификациялоо жана бонитировкалоо, алардын агроэкономикалык, экологиялык, технологиялык жана шаар куруу белгилери боюнча мүнөздөмөсү кирет. 5. Жерлердин өлчөмдөрү, жайгашкан жери, саны, сапаты, жерлердин курамы жөнүндө зарыл маалыматтар аларды алгачкы эсепке алууда чагылдырылат, ал эми жерлердин курамында, алардын сапатында жана пайдалануунун түрүндө келип чыккан өзгөрүүлөр жерлерди күндөлүк эсепке алууну жүргүзүү процессинде, кыртышты иликтөөдө жана шордуулукту аныктоодо, геоботаникалык изилдөөдө, жерлердин мониторингинде аныкталат. 6. Жерлерди негизги эсепке алуу мезгил-мезгили менен ошол жерлер жайгашкан чектердеги өзгөрүүлөрдүн олуттуу топтолушуна, жер участокторунун жана жерлердин пайдаланылышынын абалына жана мүнөзүнө жараша тиешелүү масштабдагы пландаштыруу-картографиялык негиздерди милдеттүү түрдө жаңыртуу менен, жерлерди инвентаризациялоону, кыртышты, геоботаникалык жана башка жерлердин мониторингин изилдөөнү жүргүзүү менен өткөрүлөт. 7. Мамлекеттик каттоо органдары мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү милдети жүктөлгөн органдарга жер участокторунда болуп жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө так маалыматтарды өз убагында берип турууга милдеттүү. |
(Кыргыз Республикасынын Суу кодекси)
| Иштеп жаткан редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| 2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар Ушул тексттеколдонулуучу терминдер жана аныктамалар төмөнкүлөрдү билдирет: суу пайдалануучулар ассоциациясы - айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн уюштурулган коомдук бирикме; бассейндик суу администрациясы - башкы бассейндин гидрогеографиялык чектеринде суу ресурстарын башкарууга жооптуу мамлекеттик суу администрациясынын аймактык органы; бассейндик план - кандайдыр бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча план; бассейндик кенеш - суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү боюнча башкы бассейндеги маселелерди чечүүчү өкүлчүлүк орган; жээк - суу фондусунун жерлерине тиешелүү табигый суу объектисине туташ жер тилкеси; суу пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар; суу объектилери - дарыяларды кичине булактарды, булактарды, көлдөрдү, саздак, мөңгү жана кар күрткөлөрүн кошо алганда жер үстүндө жана жер астында топтолгон бардык суулар; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынын ичиндеги бардык суулар; суу чарба курулмалары - плотиналар менен тосулган суу сактагычтар, каналдар, коллекторлор, дрендер, ноолор, гидротехникалык курулмалар, бекемдөөчү дамбалар, акведуктар, түтүк өткөргүчтөр, көпүрөлөр, скважиналар, насостук станциялар, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн бөлүнүп берилген бардык жер участокторун кошо алганда коммуникациялар жана инфраструктуранын башка элементтери бар суу түтүктөрү; суу фондусу - бардык суу объектилеринин, суу ресурстарынын жана суу фондунун жерлерин кошо алганда суу чарба курулмаларынын жыйындысы; башкы бассейн - бардык жер үстүндөгү суулар башкы дарыяга же суу объектисине кошулган аймак; мамлекеттик суу администрациясы - Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик орган; гидрометеорология боюнча мамлекеттик орган - суу боюнча маалыматтык тутумду, суу ресурстарынын мониторингин жана мамлекеттик суу кадастрын даярдоого катышкан атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; гидрометеорология боюнча мамлекеттик орган - жер алдындагы сууларды пайдаланууга жана сууларга скважиналарды бургулоого уруксаттарды, бургулоо боюнча кесиптик иш жүргүзүүгө лицензияларды берүүнү макулдашууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик орган - суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учурларында пландарды даярдоого, жаңылоого жана ишке ашырууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган - чарбалык, ичүү жана тиричилик үчүн пайдаланууга суунун жарактуулугун аныктоонун, суу объекттеринде суунун стандарттарын бекитүүнү камсыз кылуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; дренаждык тутумдар - ачык жана/же жабык коллекторлордун жана дрендердин, гидротехникалык курулмалардын, вертикалдык дренаж скважиналарынын жана дренаждык тутумдарды күтүүнү, эксплуатациялоону жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн жерлердин ажыратылып берилген бардык тилкелерин кошо алганда алардын өз ара байланыштуу тармагы; суу менен жабдууга ар жылдык келишим - бир жылдык мөөнөт менен суунун кандайдыр бир көлөмүнө суу пайдалануучунун укугун ырастоочу документ; булгоочу заттар - адамдын ден соолугуна, жаратылыш ресурстарына жана экотутумга зыяндуу таасир этүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө жөндөмдүү ар кандай заттар, энергиялар, предметтер же алардын кошулмалары; суу фондусунун жерлери - суу көлмөлөрү (дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар, каналдар, дрендер), мөңгүлөр, саздар, гидротехникалык жана башка суу чарба курулмалары ээлеген жерлер, ошондой эле аларга тилке болуп бөлүнгөн жерлер; ирригациялык тутумдар - ирригациялык каналдардын, түтүк өткөргүчтөрдүн, гидротехникалык курулмалардын, насостук станциялардын, скважиналардын, суу сактагычтардын, суу топтолгон көлчүктөрдүн, көлмөлөрдүн жана аларды жолдор, имараттар, электр өткөргүч линиялары жана ирригациялык тутумдарды күтүүнү, эксплуатациялоону жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн жердин ажыратылып берилген бардык тилкелерин кошо алганда башка инфраструктуралар менен байланышкан өз ара байланыштагы тармактар; суу берүүгө контракт - он беш жылга чейинки мөөнөт менен суунун кандайдыр бир көлөмүнө суу пайдалануучунун укугун ырастоочу документ; суу боюнча Улуттук кеңеш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасында суу мамилелерин координациялоочу мамлекеттик орган; жергиликтүү мамлекеттик администрация органы - [облустардын жана] райондордун аймактарындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы; калдыктар - ээси баасына карабастан ыргытууга ниеттенген ар кандай заттар же предметтер жана нускамалар тарабынан өндүрүш жана керектөө калдыктары катарында аныкталган ар кандай заттар же предметтер; Суу берүүгө контракт боюнча акы төлөө - суу берүү боюнча ар жылдык келишимге ылайык контракт ээсинен суу берүүчү ала турган акы; жаратылыш ресурсу катары суу пайдалануу үчүн акы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акы; плотина - курулмалардын алдында суунун деңгээлин көбөйтүү үчүн суу объектисиндеги суунун агымын бөгөөчү же суу топтоо үчүн же суу агымын жөнгө салуу үчүн гидротехникалык курулма; суу берүүчү - ирригациялык тутумду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу, суу пайдалануучулардын ассоциацияларына берүү үчүн суу алуучу жана жеткирүүчү мамлекеттик суу администрациясынын аймактык органы же суу берүүгө контракттын негизинде башка адамдар; суу пайдаланууга уруксат - суу пайдалануу боюнча иштерге он беш жылдык мөөнөт менен берилүүчү жана шагыл жана башка материалдарды казып алуу боюнча иш жүргүзүү үчүн беш жылга чейин берилүүчү уруксат; калдыктарды чыгарууга уруксат - суу объектилеринде, суу чарба курулмаларында же суу фондунун жерлеринде булгоочу заттарды же калдыктарды чыгарууга берилген уруксат; сервитут - менчикте же башка адамдын пайдалануусундагы жер участогун чектелген максатта пайдаланууга жактардын укугу; суу пайдаланууга атайын уруксат - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү узак мөөнөттүү уруксат; экологиялык суу агымы - олуттуу зыян келтирбестен, суунун экотутумун сактоону камсыз кылууга жөндөмдүү суу объектисиндеги суунун минималдуу жол берилүүчү агымы; суу ресурстарын коргоо боюнча жумуштар төмөнкүдөй максаттагы жумуштарды билдирет: - суу объектилеринде, суу чарба курулмаларында же суу фондусунун жерлеринде булганыч заттарды же калдыктарды таштоону болтурбоо же кыскартуу; - калдыктарды жана булгоочу заттарды жоюу же жайгаштыруу; - суу объектисинде, суу чарба курулмаларында же суу фондусунун жерлеринде булгоочу заттардын же калдыктардын болушунан келип чыгуучу булганууларды зыянсыздандыруу же басаңдатуу; - суу объектисине, суу чарба курулмаларына же суу фондусунун жерлерине булгоочу заттар же калдыктар түшкөнгө чейин флора менен фаунаны сактоону кошо алганда, суу объектинин, суу чарба курулмаларынын же суу фондусунун жерлеринин абалы, эгерде ал алгылыктуу жана колдонууга оңтойлуу болсо калыбына келтирүү; жооптуу жак төмөндөгү жакты билдирет: - суу объектисине, суу чарбалык курулмаларына же суу фондусунун жерлерине булгоочу затты же калдыктарды таштаган; - суу объектисине, суу чарба курулмаларына же суу фондусунун жерлерине айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу боюнча таштала турган жерлерге булгоочу заттарды же калдыктарды таштаган жак. | 2-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу негизги терминдер жана аныктамалар Ушул тексте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар төмөнкүлөрдү билдирет: суу пайдалануучулар ассоциациясы - айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн сугат суусу менен камсыз кылуу үчүн уюштурулган коомдук бирикме; бассейндик суу администрациясы - башкы бассейндин гидрогеографиялык чектеринде суу ресурстарын башкарууга жооптуу мамлекеттик суу администрациясынын аймактык органы; бассейндик план - кандайдыр бир башкы бассейндин чектеринде суу ресурстарын өнүктүрүү, пайдалануу жана коргоо боюнча план; бассейндик кенеш - суу ресурстарын пайдалануу, коргоо жана өнүктүрүү боюнча башкы бассейндеги маселелерди чечүүчү өкүлчүлүк орган; жээк - суу фондусунун жерлерине тиешелүү табигый суу объектисине туташ жер тилкеси; суу пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана жеке адамдары, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде жарандыгы жок адамдар; суу объектилери - дарыяларды кичине булактарды, булактарды, көлдөрдү, саздак, мөңгү жана кар күрткөлөрүн кошо алганда жер үстүндө жана жер астында топтолгон бардык суулар; Кыргыз Республикасынын суу ресурстары - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынын ичиндеги бардык суулар; суу чарба курулмалары - плотиналар менен тосулган суу сактагычтар, каналдар, коллекторлор, дрендер, ноолор, гидротехникалык курулмалар, бекемдөөчү дамбалар, акведуктар, түтүк өткөргүчтөр, көпүрөлөр, скважиналар, насостук станциялар, эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн бөлүнүп берилген бардык жер участокторун кошо алганда коммуникациялар жана инфраструктуранын башка элементтери бар суу түтүктөрү; суу фондусу - бардык суу объектилеринин, суу ресурстарынын жана суу фондунун жерлерин кошо алганда суу чарба курулмаларынын жыйындысы; башкы бассейн - бардык жер үстүндөгү суулар башкы дарыяга же суу объектисине кошулган аймак; мамлекеттик суу администрациясы - Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруу боюнча атайын түзүлгөн мамлекеттик орган; гидрометеорология боюнча мамлекеттик орган - суу боюнча маалыматтык тутумду, суу ресурстарынын мониторингин жана мамлекеттик суу кадастрын даярдоого катышкан атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; гидрометеорология боюнча мамлекеттик орган - жер алдындагы сууларды пайдаланууга жана сууларга скважиналарды бургулоого уруксаттарды, бургулоо боюнча кесиптик иш жүргүзүүгө лицензияларды берүүнү макулдашууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик орган - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик орган - суу ташкыны, сел жана жер көчкү жүрүү учурларында пландарды даярдоого, жаңылоого жана ишке ашырууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык орган - чарбалык, ичүү жана тиричилик үчүн пайдаланууга суунун жарактуулугун аныктоонун, суу объекттеринде суунун стандарттарын бекитүүнү камсыз кылуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; дренаждык тутумдар - ачык жана/же жабык коллекторлордун жана дрендердин, гидротехникалык курулмалардын, вертикалдык дренаж скважиналарынын жана дренаждык тутумдарды күтүүнү, эксплуатациялоону жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн жерлердин ажыратылып берилген бардык тилкелерин кошо алганда алардын өз ара байланыштуу тармагы; суу менен жабдууга ар жылдык келишим - бир жылдык мөөнөт менен суунун кандайдыр бир көлөмүнө суу пайдалануучунун укугун ырастоочу документ; булгоочу заттар - адамдын ден соолугуна, жаратылыш ресурстарына жана экотутумга зыяндуу таасир этүүчү, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө жөндөмдүү ар кандай заттар, энергиялар, предметтер же алардын кошулмалары; суу фондусунун жерлери - суу көлмөлөрү (дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар, каналдар, дрендер), мөңгүлөр, саздар, гидротехникалык жана башка суу чарба курулмалары ээлеген жерлер, ошондой эле аларга тилке болуп бөлүнгөн жерлер; ирригациялык тутумдар - ирригациялык каналдардын, түтүк өткөргүчтөрдүн, гидротехникалык курулмалардын, насостук станциялардын, скважиналардын, суу сактагычтардын, суу топтолгон көлчүктөрдүн, көлмөлөрдүн жана аларды жолдор, имараттар, электр өткөргүч линиялары жана ирригациялык тутумдарды күтүүнү, эксплуатациялоону жана оңдоону камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн жердин ажыратылып берилген бардык тилкелерин кошо алганда башка инфраструктуралар менен байланышкан өз ара байланыштагы тармактар; суу берүүгө контракт - он беш жылга чейинки мөөнөт менен суунун кандайдыр бир көлөмүнө суу пайдалануучунун укугун ырастоочу документ; суу боюнча Улуттук кеңеш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн Кыргыз Республикасында суу мамилелерин координациялоочу мамлекеттик орган; ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯ ОРГАНЫ - РАЙОНДОРДУН АЙМАКТАРЫНДАГЫ АТКАРУУ БИЙЛИГИНИН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ; калдыктар - ээси баасына карабастан ыргытууга ниеттенген ар кандай заттар же предметтер жана нускамалар тарабынан өндүрүш жана керектөө калдыктары катарында аныкталган ар кандай заттар же предметтер; Суу берүүгө контракт боюнча акы төлөө - суу берүү боюнча ар жылдык келишимге ылайык контракт ээсинен суу берүүчү ала турган акы; жаратылыш ресурсу катары суу пайдалануу үчүн акы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акы; плотина - курулмалардын алдында суунун деңгээлин көбөйтүү үчүн суу объектисиндеги суунун агымын бөгөөчү же суу топтоо үчүн же суу агымын жөнгө салуу үчүн гидротехникалык курулма; суу берүүчү - ирригациялык тутумду эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө үчүн жооптуу, суу пайдалануучулардын ассоциацияларына берүү үчүн суу алуучу жана жеткирүүчү мамлекеттик суу администрациясынын аймактык органы же суу берүүгө контракттын негизинде башка адамдар; суу пайдаланууга уруксат - суу пайдалануу боюнча иштерге он беш жылдык мөөнөт менен берилүүчү жана шагыл жана башка материалдарды казып алуу боюнча иш жүргүзүү үчүн беш жылга чейин берилүүчү уруксат; калдыктарды чыгарууга уруксат - суу объектилеринде, суу чарба курулмаларында же суу фондунун жерлеринде булгоочу заттарды же калдыктарды чыгарууга берилген уруксат; сервитут - менчикте же башка адамдын пайдалануусундагы жер участогун чектелген максатта пайдаланууга жактардын укугу; суу пайдаланууга атайын уруксат - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилүүчү узак мөөнөттүү уруксат; экологиялык суу агымы - олуттуу зыян келтирбестен, суунун экотутумун сактоону камсыз кылууга жөндөмдүү суу объектисиндеги суунун минималдуу жол берилүүчү агымы; суу ресурстарын коргоо боюнча жумуштар төмөнкүдөй максаттагы жумуштарды билдирет: - суу объектилеринде, суу чарба курулмаларында же суу фондусунун жерлеринде булганыч заттарды же калдыктарды таштоону болтурбоо же кыскартуу; - калдыктарды жана булгоочу заттарды жоюу же жайгаштыруу; - суу объектисинде, суу чарба курулмаларында же суу фондусунун жерлеринде булгоочу заттардын же калдыктардын болушунан келип чыгуучу булганууларды зыянсыздандыруу же басаңдатуу; - суу объектисине, суу чарба курулмаларына же суу фондусунун жерлерине булгоочу заттар же калдыктар түшкөнгө чейин флора менен фаунаны сактоону кошо алганда, суу объектинин, суу чарба курулмаларынын же суу фондусунун жерлеринин абалы, эгерде ал алгылыктуу жана колдонууга оңтойлуу болсо калыбына келтирүү; жооптуу жак төмөндөгү жакты билдирет: - суу объектисине, суу чарбалык курулмаларына же суу фондусунун жерлерине булгоочу затты же калдыктарды таштаган; - суу объектисине, суу чарба курулмаларына же суу фондусунун жерлерине айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик органдын корутундусу боюнча таштала турган жерлерге булгоочу заттарды же калдыктарды таштаган жак. |
(Кыргыз Республикасынын Токой кодекси)
| Иштеп жаткан редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| [19-статья. Областтык мамлекеттик администрациянын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы] [Областтын администрациялык чек арасынын чегинде областтык мамлекеттик администрациянын карамагына: - токой кадастрынын жана токойдун эсебин алуу документтерин бекитүү; - токой чарбачылыгын жүргүзүү жагында мамлекеттик статистикалык отчетторду ишке ашыруу; - токой чарбачылыгын жүргүзүүнүн жылдык жана келечектеги пландарын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу; - токойлордун абалына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө, корголушуна жана сакталышына, токой жана аңчылык ресурстарынын пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурууга катышуу; - токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык, областтар аралык мамлекеттик органдын сунушу боюнча областтын райондорунун жер пайдалануучуларынын ортосунда токой фондусунун чөп чабык жана жайыт жерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүү; - токой чарбачылыгын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгуу жана анын аткарылышын уюштуруу боюнча токой чарбачылыгын башкаруучу областтык, областтар аралык мамлекеттик органдар менен биргелешкен иш-аракеттер; - токой чарбачылыгын башкаруучу областтык, областтар аралык мамлекеттик органдардын сунушу боюнча токой жана аңчылык чарбаларын уюштуруунун жана өнүктүрүүнүн схемаларын (анын ичинде коргоочу токойлорду өстүрүүнүн) долбоорлорун макулдашуу; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн компетенциясына кирбеген башка маселелер боюнча токой мамилелерин жөнгө салуу кирет. Областтык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу боюнча компетенциялары Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна да жайылтылат.] | КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН |
| [20-статья. Райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялардын токой мамилелерин жөнгө салуу жагындагы компетенциясы] [Райондун (шаардын) администрациялык чек арасынын ичинде райондук (шаардык) мамлекеттик администрациялардын карамагына: - жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө жана токой фондусунун жер участокторун мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөй) пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды толтуруу, каттоо жана берүү; - токой фондусун ижаралоо келишимдерин каттоо; - токой чарбачылыгынын маселелери боюнча мамлекеттик статистикалык отчет берүүнү жүргүзүү; - токой ресурстарынын абалына, корголушуна жана сакталышына, жаңыртылып өстүрүлүшүнө жана пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү уюштурууга катышуу; - токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдын сунушу боюнча токой мыйзамдарын, экологиялык жана санитардык эрежелерди бузган учурларда, уюмдар менен жарандардын чарбалык аракеттерин, ошондой эле объекттердин курулушун токтото туруу; - токой чарбачылыгын башкаруучу аймактык мамлекеттик органдын корутундусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык райондогу жер пайдалануучулардын ортосунда токой фондусунун жеринен чөп чабык жана жайыт жерлерди бөлүштүрүү; - токой чарбачылыгын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн учурдагы жана келечектеги пландарын иштеп чыгууга катышуу; - токой чарбачылыгынын салынып бүткөн объекттерин кабыл алууга катышуу кирет.] | 20-БЕРЕНЕ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАРДЫН ТОКОЙ МАМИЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАГЫНДАГЫ КОМПЕТЕНЦИЯСЫ АДМИНИСТРАТИВДИК ЧЕК АРАСЫНЫН ИЧИНДЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАРДЫН КАРАМАГЫНА: - ҮЧ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТҮЗҮЛГӨН ТОКОЙ ФОНДУСУН ИЖАРАЛОО КЕЛИШИМДЕРИН КАТТОО; - ТОКОЙ КАДАСТРЫНЫН ЖАНА ТОКОЙДУН ЭСЕБИН АЛУУ ДОКУМЕНТТЕРИН БЕКИТҮҮ; - ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖАГЫНДА МАМЛЕКЕТТИК СТАТИСТИКАЛЫК ОТЧЕТТОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ; - ТОКОЙЛОРДУН АБАЛЫНА, ЖАҢЫРТЫЛЫП ӨСТҮРҮЛҮШҮНӨ, КОРГОЛУШУНА ЖАНА САКТАЛЫШЫНА, ТОКОЙ ЖАНА АҢЧЫЛЫК РЕСУРСТАРЫНЫН ПАЙДАЛАНЫЛЫШЫНА КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮНҮ УЮШТУРУУГА КАТЫШУУ; - ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖЫЛДЫК ЖАНА КЕЛЕЧЕКТЕГИ ПЛАНДАРЫН ИШТЕП ЧЫГУУГА ЖАНА ИШКЕ АШЫРУУГА КАТЫШУУ; - ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН БАШКАРУУЧУ АЙМАКТЫК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН СУНУШУ БОЮНЧА ТОКОЙ МЫЙЗАМДАРЫН, ЭКОЛОГИЯЛЫК ЖАНА САНИТАРДЫК ЭРЕЖЕЛЕРДИ БУЗГАН УЧУРЛАРДА, УЮМДАР МЕНЕН ЖАРАНДАРДЫН ЧАРБАЛЫК АРАКЕТТЕРИН, ОШОНДОЙ ЭЛЕ ОБЪЕКТТЕРДИН КУРУЛУШУН ТОКТОТО ТУРУУ; - ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН БАШКАРУУЧУ АЙМАКТЫК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН СУНУШУ БОЮНЧА ТОКОЙ ЖАНА АҢЧЫЛЫК ЧАРБАЛАРЫН УЮШТУРУУНУН ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮНҮН СХЕМАЛАРЫН (АНЫН ИЧИНДЕ КОРГООЧУ ТОКОЙЛОРДУ ӨСТҮРҮҮНҮН) ДОЛБООРЛОРУН МАКУЛДАШУУ; - ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН ӨНҮКТҮРҮҮНҮН ПРОГРАММАСЫН ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА АНЫН АТКАРЫЛЫШЫН УЮШТУРУУ БОЮНЧА ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫН БАШКАРУУЧУ АЙМАКТЫК МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН ИШ-АРАКЕТТЕР; - ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫНЫН САЛЫНЫП БҮТКӨН ОБЪЕКТТЕРИН КАБЫЛ АЛУУГА КАТЫШУУ КИРЕТ; - КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ЖАНА ӨКМӨТҮНҮН КОМПЕТЕНЦИЯСЫНА КИРБЕГЕН БАШКА МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА ТОКОЙ МАМИЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛУУ КИРЕТ. ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАРДЫН ТОКОЙ МАМИЛЕЛЕРИН ЖӨНГӨ САЛУУ БОЮНЧА КОМПЕТЕНЦИЯЛАРЫ БИШКЕК ШААРЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУСУНА ДА ЖАЙЫЛТЫЛАТ. |
(Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" мыйзамы)
| Иштеп жаткан редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| 6-статья. Аткаруу бийлик органдары менен Бирдиктүү төлөөчүнүн ортосундагы өз ара мамилелер Бирдиктүү төлөөчү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун каржылоо шартында саламаттык сактоону каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгашаларды областтык жана Бишкек менен Ош шаарларынын кеңештери аныктаган чегерүү ченемдери боюнча белгиленет. Саламаттык сактоону каржылоонун пландаштырылган көлөмүндө Бирдиктүү төлөөчү чыгашалардын бюджеттик классификациядагы параграфына жана статьясына ылайык чыгаша сметасын түзөт. [Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, областтык мамлекеттик администрациялар,] Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары иш жүзүндө түшкөн кирешенин көлөмүндө бекитилген чыгаша сметаларына ылайык Бирдиктүү төлөөчү аркылуу каржылоо жүргүзүшөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Бирдиктүү төлөөчүнүн ишине контролдук кылуу максатында төмөнкүлөргө укугу бар: - саламаттык сактоону каржылоо, базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарын колдонуу боюнча маалымат, отчет алууга; - саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйналышында Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы жөнөтүүчүлөрдүн ишиндеги маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маселелерди кароого. Саламаттык сактоонун топтоштурулган бюджетин азайтууга алып келүүчү бекитилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өзгөртүүлөр областтык мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу саламаттык сактоо боюнча Байкоочу кеңештердин, ошондой эле саламаттык сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин макулдугу менен гана киргизилиши мүмкүн. | 6-статья. Аткаруу бийлик органдары менен Бирдиктүү төлөөчүнүн ортосундагы өз ара мамилелер Бирдиктүү төлөөчү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун каржылоо шартында саламаттык сактоону каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин чыгашаларды областтык жана Бишкек менен Ош шаарларынын кеңештери аныктаган чегерүү ченемдери боюнча белгиленет. Саламаттык сактоону каржылоонун пландаштырылган көлөмүндө Бирдиктүү төлөөчү чыгашалардын бюджеттик классификациядагы параграфына жана статьясына ылайык чыгаша сметасын түзөт. ФИНАНСЫ ЖАНА БЮДЖЕТТИК АБАЛДАРЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ, ЖЕРГИЛИКТҮҮ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯЛАР, БИШКЕК ЖАНА ОШ ШААРЛАРЫНЫН МЭРИЯЛАРЫ ИШ ЖҮЗҮНДӨ ТҮШКӨН КИРЕШЕНИН КӨЛӨМҮНДӨ БЕКИТИЛГЕН ЧЫГАША СМЕТАЛАРЫНА ЫЛАЙЫК БИРДИКТҮҮ ТӨЛӨӨЧҮ АРКЫЛУУ КАРЖЫЛОО ЖҮРГҮЗҮШӨТ. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Бирдиктүү төлөөчүнүн ишине контролдук кылуу максатында төмөнкүлөргө укугу бар: - саламаттык сактоону каржылоо, базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарын колдонуу боюнча маалымат, отчет алууга; - саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйналышында Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы жөнөтүүчүлөрдүн ишиндеги маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка маселелерди кароого. Саламаттык сактоонун топтоштурулган бюджетин азайтууга алып келүүчү бекитилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине өзгөртүүлөр областтык мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына караштуу саламаттык сактоо боюнча Байкоочу кеңештердин, ошондой эле саламаттык сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочу кеңештин макулдугу менен гана киргизилиши мүмкүн. |
| 8-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн милдеттери Бирдиктүү төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү: - мамлекеттик бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын майнаптуулугун жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга; - базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарын колдонуу жана саламаттык сактоону каржылоо жөнүндө саламаттык сактоону жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну реформалоо боюнча [Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине], жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Байкоочу кеңешке отчет берүүгө; - республикалык, жергиликтүү бюджеттен жана милдеттүү медициналык камсыздандыруудан түшкөн каражаттардан каржылоонун көлөмүндө Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана башка тармактык өнүктүрүү программаларын аткаруу үчүн Жөнөтүүчү менен өз убагында эсептешүүнү жүргүзүүгө; - Жөнөтүүчүнүн койгон дооматтарын өз убагында кароого. | 8-статья. Бирдиктүү төлөөчүнүн милдеттери Бирдиктүү төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү: - мамлекеттик бюджеттин жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын майнаптуулугун жана максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууга; - базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттарын колдонуу жана саламаттык сактоону каржылоо жөнүндө саламаттык сактоону жана милдеттүү медициналык камсыздандырууну реформалоо боюнча ФИНАНСЫ ЖАНА БЮДЖЕТТИК АБАЛДАРЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ОРГАНЫ, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Байкоочу кеңешке отчет берүүгө; - республикалык, жергиликтүү бюджеттен жана милдеттүү медициналык камсыздандыруудан түшкөн каражаттардан каржылоонун көлөмүндө Мамлекеттик кепилдиктер программасын жана башка тармактык өнүктүрүү программаларын аткаруу үчүн Жөнөтүүчү менен өз убагында эсептешүүнү жүргүзүүгө; - Жөнөтүүчүнүн койгон дооматтарын өз убагында кароого. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 14 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (14)
- Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндөЗакон · 22.12.1998 · № 153
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндөЗакон · 30.07.2003 · № 159
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кайра сурап…Постановление · 07.05.2013 · № 249 · Күчүн жоготкон
14 ичинен 13 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.