1-берене
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
"Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьянын 4 жана 21-бөлүктөрүндөгү "мамлекеттик бюджеттин" деген сөздөр "базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 6-статьядагы "тартипте медициналык" деген сөздөрдөн кийин "милдеттүү" деген сөз менен толукталсын.
3. 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген жеке медициналык уюмдар өз иштерин милдеттүү аккредитациялоонун негизинде жүргүзүшөт.".
4. 20-статьянын 3-бөлүгүндө:
"мамлекеттик бюджеттин" деген сөздөр "базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, областтык, Бишкек жана Ош шаардык кеңештери тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 54-статья төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун каражаттары.".
6. 60-статьянын 1-бөлүгүндөгү "республикалык, жергиликтүү бюджеттердин жана милдеттүү" деген сөздөр "базалык мамлекеттик" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203110/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>