49-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 сентября 2024 года № 167
1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыялангандан күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн мурун, жергиликтүү саат 18ге чейин аяктайт.
2. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:
1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга;
2) айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.
3. Саясий партия төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу:
1) пропорциялык система боюнча шайлоолор боюнча - ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык мандаттардын санынан ашпаган санда.
2) мажоритардык система боюнча шайлоодо - ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди.
31. (КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат.
6. (КР 2024-жылдын 2-августундагы N 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмелерин түзүүдө саясий партиялар төмөндөгүлөрдүн өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү:
- бир жыныстагы адамдардын 70 пайызынан ашык эмес, мында саясий партиядан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмелеринде аялдардын жана эркектердин кезектеги айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш;
- 1ден кем эмес талапкер - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар.
Мында саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси көрсөтүлгөн учурдан тартып алынган мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
8. Өзүн көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.
9. Саясий партия тарабынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө басылган түрдө жана электрондук алып жүрүүчүдө берилет. Талапкерлер жөнүндө маалыматтар ошондой эле талапкерлер, талапкердин, саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан машинада окула турган электрондук түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасына киргизилиши керек.
10. Бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими саясий партиянын же партиянын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин коюлган колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталат.
11. Талапкерлер жөнүндө маалыматтарды текшерүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген форма боюнча талапкердин соттолгондугу бар экендиги (жоктугу) жөнүндө расмий жазуу жүзүндөгү корутундуларды Борбордук шайлоо комиссиясына берет.
(КР 2011-жылдын 12-октябрындагы № 170, 2012-жылдын 6-июлундагы № 99, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2024-жылдын 2-августундагы № 158, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 сентября 2024 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей", "О статусе депутатов местных кенешей")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 июля 2012 года № 99 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 октября 2011 года № 170 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
30.09.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн алынып салынды: калганда кошулду: калганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин аяктайт.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү … № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2024-жылдын 2-августундагы № алынып салынды: 158 кошулду: 158, 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 22-сентябрындагы N 46-р "жаран А.А.Сариевдин кайрылуусунун негизинде "Жергиликтүү кеңештердин…Решение · 22.09.2014 · № 46-р
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-сентябрындагы № 687 "Ош аймактык шайлоо комиссиясынын айрым чечимдерин жокко чыгаруу жана Ош…Постановление · 09.09.2021 · № 687
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2012 · № 872
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-мартындагы № 35-б (2013-2018-жылдар мезгилине аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз…Распоряжение · 01.03.2019 · № 35-р
- 2030-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Стратегиясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 513…Стратегия · 16.09.2022 · № 513
- КР ШАйлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2021-жылдын 9-июлу № 621 "Ош аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине "Жалпы иш" коомдук фондунун даттануусу…Постановление · 09.07.2021 · № 621
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 132 токтому "Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын ишин карап чыгуу…Постановление · 31.10.2012 · № 132
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 7 апреля 2021 года № 50 "О заявлении политической партии «Партия Труда» («Эмгек Партиясы»)"Решение · 07.04.2021 · № 50
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-июнундагы № 32-р ("Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Решение · 04.06.2014 · № № 32-р
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-49" title="49-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>