42-берене. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануу
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2019 года № 117
1. Шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) жогору турган шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Жарандардын шайлоо укуктарын бузган шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) арыздар (даттануулар) менен шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору, коммерциялык эмес уюмдар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрылышы мүмкүн.
3. (КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар жөнүндө маселени кароодо кызыкчылыктары бар тараптарга, жактарга же өкүлдөргө кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу.
5. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган участкалык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) аймактык шайлоо комиссиясына даттанылат.
6. Шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган аймактык шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздиктерине) Борбордук шайлоо комиссиясына даттанылат.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиктери) биринчи инстанциядагы сотко, биринчи инстанциядагы соттун чечими - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечими биротоло болуп саналат жана даттанылууга жатпайт.
8. Арыздар (даттануулар) шайлоо процессинин субъектине анын шайлоо укуктары бузулгандыгы, чечимдер кабыл алынгандыгы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 3 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
9. Шайлоого даярдыктын жүрүшүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) келип түшкөн учурдан тартып шайлоо комиссиялары же соттор тарабынан 3 күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн мурунку күнү - токтоосуз каралууга жатат.
Эгерде шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, алар боюнча чечимдер 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат. Чечим кабыл алган органдын кол коюлган жана мөөр менен ырасталган чечими арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат.
10. Арыздарды (даттанууларды) кабыл алуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган чечимге арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин даттанган учурда чечим чыккан учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет. Аракетсиздикти даттануу учурунда арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын аракетсиздигине даттанган учурда аракет жасалууга тийиш болгон мөөнөт аяктаган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет.
11. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырат же болбосо аны жокко чыгарат жана даттануунун маңызы боюнча чечим кабыл алат.
12. Арыздын (даттануунун) негиздүүлүгүн белгилеп, сот талашылып жаткан чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамдуу эмес деп табат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарат же болбосо, эгерде талашылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) мыйзамдуу болуп саналарын белгилесе, арызды (даттанууну) канааттандыруудан баш тартат.
13. Арыздарды (даттанууларды) берүүнүн мөөнөттөрү калыбына келтирүүгө жатпайт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөрү аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт. Арызды (даттанууну) берүү мөөнөтүнүн өтүшү чечим кабыл алынган күндөн, аракет (аракетсиздик) жасалган күндөн кийинки күнү башталат.
(КР 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
08.08.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана байкоочулар кайрылышы мүмкүн.
3. (КР 2016-жылдын 21-январындагы алынып салынды: № кошулду: N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Арыздарды (даттанууларды), … жасалгандыгы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок алынып салынды: 2 кошулду: 3 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
9. Шайлоого даярдыктын … чечими арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө токтоосуз тапшырылат.
10. алынып салынды: Кабыл алынган чечимдерге арыздар (даттануулар) чечим кошулду: Арыздарды (даттанууларды) кабыл алуунун натыйжалары боюнча кабыл алынган кошулду: чечимге арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин даттанган учурда чечим чыккан учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде кошулду: сотко берилет. Аракетсиздикти даттануу учурунда арыз (даттануу) - жогору турган шайлоо комиссиясына, ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын аракетсиздигине даттанган учурда аракет жасалууга тийиш болгон мөөнөт аяктаган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде сотко берилет.
11. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо … мөөнөттөрү аяктагандан кийин арыздар (даттануулар) кабыл алынбайт. кошулду: Арызды (даттанууну) берүү мөөнөтүнүн өтүшү чечим кабыл алынган күндөн, аракет (аракетсиздик) жасалган күндөн кийинки күнү башталат.
(КР 2016-жылдын 21-январындагы № алынып салынды: 8 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 8, 2019-жылдын 8-августундагы N 117 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (17)
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 61 "О заявлении политической партии «Айкол Кыргызстан»Решение · 10.04.2021 · № 61
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 10-октябры № 116 "Арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө" Жобону бекитүү…Постановление · 10.10.2012 · № 116
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 54 "О заявлении Бувановой М.А."Решение · 10.04.2021 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча Борбордук Комиссиясынын 2023-жылдын 4-октябрындагы № 96 "Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин…Постановление · 04.10.2023 · № 96
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 26-ноябрындагы № 149 "Бишкек шаарында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүүдө участкалык…Постановление · 26.11.2012 · № 149
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 164 "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана…Постановление · 20.10.2016 · № 164
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 196 "Демократ" саясий партиясынын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын…Постановление · 08.11.2016 · № 196
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 55 "О заявлении политической партии «Ата-Журт Кыргызстан»Решение · 10.04.2021 · № 55
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 56 "О заявлении Жолдошбаева С.Т."Решение · 10.04.2021 · № 56
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 59 "О заявлении Дуйшеналиева А.Б."Решение · 10.04.2021 · № 59
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 10 апреля 2021 года № 60 "О жалобе общественного фонда «Общее дело»Решение · 10.04.2021 · № 60
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 7 апреля 2021 года № 50 "О заявлении политической партии «Партия Труда» («Эмгек Партиясы»)"Решение · 07.04.2021 · № 50
- Решение Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 7 апреля 2021 года № 51 "О жалобе Кадыралиевой Ы.К."Решение · 07.04.2021 · № 51
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январыдагы №12 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 22.01.2020 · № 12
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 13 мая 2013 года № 75 "Об отмене решений Майлуу-Сууйской территориальной избирательной комиссии от 2…Постановление · 13.05.2013 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 20 октября 2016 года № 165 "Об утверждении Положения "О порядке рассмотрения заявлений и жалоб…Постановление · 20.10.2016 · № 165 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 597 "Шайлоо процессинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.11.2016 · № 597 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-42" title="42-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>