Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Бишкек шаарында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссияларынын бузуулары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2012-жылдын 26-ноябры № 149 Бишкек шаарында добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссияларынын бузуулары жөнүндө Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы №№ 1321, 1323 жана 1324 шайлоо участкаларында добуш берүү үчүн көчмө ящиктердеги шайлоо бюллетендерин жараксыз деп табуу жөнүндө» 2012-жылдын 25-ноябрында № 33 чечимин кабыл алган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына саясий партиялардан жана коммерциялык эмес уюмдардан добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнүн процедурасы бузулгандыгына карата кайрылуулар жана даттануулар түшкөн. Берилген материалдарды, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы К.Маматовдун баяндамасын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесинин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-7, 18, 20-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 33, 36-38, 42-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 25-ноябрындагы № 33 чечими негиздүү кабыл алынган деп таанылсын. Добуш берүүчү жайдан тышкары көчмө ящиктер боюнча Бишкек шаарынын №№ 1321, 1323 жана 1324 шайлоо участкаларындагы добуш берүү жараксыз деп таанылсын.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон