29-берене. Добуш берүү үчүн жай
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2024 года № 158
1. Добуш берүү үчүн жай участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акысыз берилет.
2. Добуш берүү үчүн жайда добуш берүү үчүн ящиктер, жарык берүү системасы жана жазуу буюмдары менен атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, манжалардын тактарынын термопринтерлери жана сканерлери, ошондой эле сервердик жана тарамдык жабдуулардын комплекттери жайгаштырылат.
Жарык кылуу системасында аны алмаштыргыдай жарык берүү булагы, фонарлар жана шамдар болуу керек. Электр жарыгы өчүп калганда добуш берүү (негизги же аны алмаштыруучу жарык булагынын эсебинен) жарык болгонго чейин токтотула турат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү үчүн байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү добуш берүүчү ящиктерден, добуш берүүчү кабиналардан шайлоо комиссиясынын жол-жобосун, алардын милдет аткарышын толук көрүп тургандай өз милдеттерин аткарууну камсыздагыдай аралыкта турууга укуктуу.
3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт, анда бардык талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбоого тийиш. Стендде ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялардын аталыштары камтылбоого тийиш.
Көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды маалымдоо үчүн маалыматтык тактада ири шрифт жана (же) Брайль шрифтин колдонуу менен аткарылган материалдар жайгаштырылат.
4. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо бюллетендерин берүүчү жер, ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жабдуулар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн, байкоочулардын көз алдында болгудай түрдө жабдылууга тийиш.
5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуу, добуш берүү үчүн жайдын максималдуу мүмкүн болгон жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү шайлоо комиссиясы социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактын бөлүмдөрү менен бирдикте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасын добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен түзөт.
Тиешелүү шайлоо комиссиясы керектөө картасын түзүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен добуш берүү үчүн жайды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөө картасында көрсөтүлгөн керектөөлөрүнө ылайык келишин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен текшерүүнү уюштурат. Эгерде добуш берүүчү жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кирүүсү үчүн атайын түзүлүштөр менен жабдылбаса, тиешелүү шайлоо комиссиясы шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн чараларды көрүү талабын жөнөтөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары аларга шайлоо комиссиялары кайрылган учурда добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды токтоосуз көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
6. Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсү жана анда добуш берүүсү үчүн керектөөлөрүнө, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорунун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышына же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөрдүн, тактилдик көрсөткүчтөрдүн, жетиштүү жарыктандыруунун болушуна, жана мыйзамдарда белгиленген стандарттарга жооп берүүгө тийиш.
Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуулар (столдор, добуш берүү үчүн кабиналар жана урналар), ошондой эле маалыматтык такталар жеткиликтүү жана жашыруун добуш берүүнү эске алуу менен жайгаштырылышы керек. Добуш берүү үчүн кабиналар кресло-колясканы пайдаланган шайлоочуларга тоскоолдуксуз кирүүгө мүмкүндүк берген параметрлерге ылайык келиши керек жана оптикалык коррекциялоо каражаттары (лупалар, жарыгы бар лупа ж.б.), кошумча жарыктандыруу, стул, атайын трафарет менен жабдылууга тийиш. (КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № 8, 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2024 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 августа 2019 года № 117 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2016 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О выборах депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз алынып салынды: кирүүсүн кошулду: кирүүсү жана анда добуш алынып салынды: берүүсүн, кошулду: берүүсү үчүн керектөөлөрүнө, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү алынып салынды: жолдорун, кошулду: жолдорунун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын алынып салынды: жайгаштырылышын кошулду: жайгаштырылышына же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын алынып салынды: болушу (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), алынып салынды: төшөмөлөр, кошулду: төшөмөлөрдүн, тактилдик алынып салынды: көрсөткүчтөр, кошулду: көрсөткүчтөрдүн, жетиштүү алынып салынды: жарыктандыруу менен камсыз болууга кошулду: жарыктандыруунун болушуна, жана мыйзамдарда белгиленген стандарттарга жооп берүүгө тийиш.
Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуулар (столдор, добуш берүү үчүн … 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 21-январындагы № алынып салынды: 8 , кошулду: 8, 2019-жылдын 8-августундагы алынып салынды: N 117 Мыйзамынын редакциясына кошулду: № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 14-августундагы № 78 "Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке…Постановление · 14.08.2026 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 5-августундагы № 76 "Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы…Постановление · 05.08.2026 · № 76
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 88 "Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарынын…Постановление · 14.04.2017 · № 88
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-февралындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 04.02.2020 · № 29 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203103/st-29" title="29-берене - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>