24-берене. Депутаттык мандат
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 августа 2019 года № 118
1. Жергиликтүү кеңештин депутаты катталгандан кийин ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылат.
2. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:
1) анын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы;
3) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;
4) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;
5) депутаттын административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугундагы мүчөлүгүнүн токтотулушу;
6) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;
7) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши;
8) сот тарабынан депутаттын аракетке жөндөмсүз же дайынсыз жоголду деп таанылышы, ошондой эле өлдү деп жарыяланышы;
9) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши;
10) жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосу;
11) депутаттын өлүмү.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу негиз келип чыккан күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт.
5. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштаманы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүлөр берет:
1) тиешелүү мамлекеттик орган - ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2, 7 жана 11-пункттарында каралган учурларда;
2) сот - ушул берененин 2-бөлүгүнүн 6, 8 жана 9-пункттарында каралган учурларда;
3) тиешелүү жергиликтүү кеңеш - ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган учурларда.
6. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-5 жана 10-пункттарында каралган негиздер боюнча жергиликтүү кеңеш депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимди депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтөт.
7. Депутаттын жыйналышка катышпоосунун жүйөлүү себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) эмгекке убактылуу жарамсыздыгы;
2) кош бойлуулугу жана төрөтү боюнча, бала асырап алууга байланыштуу өргүү;
3) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча жыйналышка катышпай калуу (никеси катталган, бала төрөлгөн, бала баккан, жакын туугандары өлгөн учурларда), окуу өргүүсү, негизги иштеген жери боюнча иш-сапарында болуу, жазуу жүзүндөгү чакыруу боюнча мамлекеттик аземдерге жана расмий кабыл алууларга, семинарларга, конференцияларга жана тиешелүү жергиликтүү кеңештин жетекчилигинин уруксаты менен башка иш-чараларга катышуу;
4) транспорттук тоскоолдуктар жана тиешелүү документтерде ырасталган башка форс-мажорлук жагдайлар.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (16)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 3-мартындагы № 43 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир…Постановление · 03.03.2018 · № 43
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 11-февралындагы № 36 «Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуунун, шаардык кеӊештердин…Постановление · 11.02.2020 · № 36
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 11-мартындагы № 34 ""Түгөл-Сай айылдык кеңешинин депутатынын бош мандатын ээлөө жөнүндө" Нарын…Постановление · 11.03.2013 · № 34
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 189 "Каракол шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 24-декабрындагы…Постановление · 26.12.2013 · № 189
- Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 12-декабрындагы № 73/11-3 "Б.Ү.Есенбаеванын мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.12.2013 · № 73/11-3
- Ак-Таш айыл кеңешинин 2013-жылдын 27-июлундагы № 1 "Депутат Мамасыдыков Алтынбек Усеновичтин арызын кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 27.07.2013 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 30-мартындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Талас жана Майлуу-Суу жергиликтүү…Постановление · 30.03.2018 · № 69
- Петровка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 28-февралындагы № 45 “Кислица С. И. –тин депутаттык ыйгарым укугун өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуПостановление · 28.02.2014 · № 45
- Баткен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 11-ноябры № 35 "Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2020 · № 35
- Баткен шаардык Кенешинин 2020-жылдын 11-августу № 34 "Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 11.08.2020 · № 34
- Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 132 "Ош шаардык Кеңешинин депутаты Ходжинаби Ишматовдун депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтомуПостановление · 05.06.2013 · № 132
- Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 18-июнундагы №01-6-24"Сокулук айылдык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтомуПостановление · 18.06.2021 · № 01-6-24
- Сокулук айылдык кеңешинин 2020-жылдын 25-декабрындагы №01-6-47 "Сокулук айылдык кеңешинин депутаты С.М. Матмуратовдун депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу…Постановление · 25.12.2020 · № 01-6-47
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 199 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз…Постановление · 29.04.2019 · № 199
- Кара-Көл шаардык кеңешинин 2013-жылдын 14-февралы №7/3-6 "15.01. 2013-жылдагы № 1/1-6 чечими менен кабыл алынган Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламентине толуктоолорду…Постановление · 14.02.2013 · № 7/3-6
- Кара-Көл шаардык кеңештин 2013-жылдын 15-январындагы № 1/6-1 токтому менен бекитилди Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин иштөө РегламентиРегламент · 15.01.2013 · № 1/6-1 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-24" title="24-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>