Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Баткен шаардык Кенешинин «Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2020-жылдын 11-ноябры № 35 Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан шайланган депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлдагы № 101 Мыйзамынын 24-беренесинин 6;2-1-пункуттарына жана «КСДП» саясый партиясынын шайланган депутаттардын фракциясынын катарын толуктоо жөнүндөгү «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясый партиясынын Баткен райондук жана шаардык уюмунун 2020-жылдын 20-октябрдагы чечиминин негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIчакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык Кеңешинин «КСДП» саясый партиясынан депутат Ганыев Арзыбек Набиевич дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу №21410196200203 күбөлүгүнүн негизинде шаардык Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылып, анын ордунуна Баткен шаардык Кеңешинин депутаттыгына кезектеги талапкер Зикираев Меңдибай Икрамович чакыртылууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин Регламент, депутаттык мандат, мыйзамдуулук, укук коргоо чек ара, кылмыштуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Орозов/ тапшырылсын.
Төрага: А.А.Ташбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон