15-берене. Жергиликтүү жамааттардын уставдары
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158
1. Жергиликтүү жамааттардын уставдары тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү жамааттын ички турмуш-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин регламенттейт, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин карайт, жергиликтүү жамааттын бюджеттик процесстерге жана башка маселелерге катышуусун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин кошуп алганда, жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өз ара мамилелеринин тартибин аныктайт.
3. Мурда кабыл алынган уставдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор чогулуштарда (жыйындарда) же жергиликтүү жамааттын тиешелүү курултайларында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынат.
Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес санындагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.
4. Эгерде ушул Мыйзам менен уставдар менен жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык кылынган маселелер устав менен жөнгө салынбаса, анда алар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
5. Жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү башкаруу органдарында жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү түрдө катталууга жатат.
Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын көчүрмөсү уставдын текстинин тиркемеси менен расмий жарыялангандан кийин ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет. (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (23)
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 13-октябрындагы № 27 "Кызыл-Туу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2016 · № 27
- Күнтуу айылдык кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы № 4/1 "Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» - бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.10.2016 · № 4/1
- Целинный айылдык кеңешинин 2016-жылдын 23-декабрындагы № 112 "Целинный айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын»бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2016 · № 112
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 22-27 "Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.05.2017 · № 22-27
- Тепке айылдык кенешинин 2018-жылдын 29-майындагы № 1 «Тепке айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.05.2018 · № 1
- Кемин шаардык кеңешинин 2016 жылдын 24 октябрындагы №2-6-27 "«Кемин шаардык жергиликтуу жамаатынын Уставын» бекитуу женундө" токтомуПостановление · 24.10.2016 · № 2-6-27
- Боролдой айылдык кеңешинин 2016 жылдын 25 октябрындагы № 7 «Боролдой айылдык аймагынын жергиликтүү коомунун Уставын бекитүү жөнүндө» токтомуПостановление · 25.11.2016 · № 7
- Александровка айылдык кеңешинин 2016 жылдын 18 ноябрындагы №103 "«Александровна айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү женүндө" токтомуПостановление · 18.11.2016 · № 103
- Фрунзе айылдык кеңешенин 2016 жылдын 26 октябрындагы №76 "«Фрунзе айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2016 · № 76
- 2016 жылдын 26 октябрындагы № 93 "Бурана айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитуу жөнүндө"токтомуПостановление · 26.10.2016 · № 93
- Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-ноябрындагы № 44/XXI-26 «Кочкорбаев айылдык аймактын жергиликтүү жамаачыиын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.11.2016 · № 44/XXI-26
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-мартындагы № 20/3-27 "Узун-Кыр айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.03.2017 · № 20/3-27
- Май айылдык кеңешинин 2017-жылдын 09-июнундагы № 15 “Чүй облусунун Москва районунун Биринчи Май айыл округунун Биринчи Май айыл өкмөтү мекемесинин Уставын бекитүү жана кайрадан…Постановление · 09.06.2017 · № 15
- Кызыл-Октябрь айылдык Кенешенин 2017-жылдын 21-июнундагы № 28/2-4 "«Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.10.2017 · № 28/2-4
- Ак-Бешим айылдык кеңешинин 2017-жылдын 20-февралындагы №7 «Ак-Бешим айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2017 · № 7
- Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 125 "«Таш-Мойнок айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитуу жөнүндө»" токтомуПостановление · 18.11.2016 · № 125
- Даркан айылдык кенешинин 2018-жылдын 31-майындагы № 63 «Даркан айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2018 · № 63
- Оргочор айылдык кенешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 57 «Оргочор айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2018 · № 57
- Люксембург айылдык кеңешинин 2019-жылдын 09-декабрындагы № 134/26/27 "Люксембург айылдык кеңешин түзүү зарылчылы жөнүндө" токтомуПостановление · 09.12.2019 · № 134/26/27
- Юрьевка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 25-июлундагы № 39/13-26 "Юрьевка айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2014 · № 39/13-26
23 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-15" title="15-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>