5-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракети
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2012 года № 149
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн иштерин координациялоо ыйгарым укугуна ээ болот.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн иштеринин пландарын, алардын аткарылышы тууралуу отчетторду берүүнү талап кылууга, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде аткарылышы милдеттүү болгон тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу.
3. Аткаруучу-тескөөчү иштердин маанилүү маселелерин кароо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияда консультативдик-кеңешүүчү орган - коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, анын орун басарлары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан аныкталуучу мамлекеттик бийликтин башка кызмат адамдары кирет.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн администрациялары менен өз ара аракеттеринин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын регламенти менен аныкталат.
(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2012 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, анын орун алынып салынды: басарлары, райондук кеңештин төрагасы кошулду: басарлары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан … жергиликтүү мамлекеттик администрациянын регламенти менен аныкталат.
кошулду: (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 485-б (Мамлекеттик кызматтарды "бирдиктүү терезе" принциби боюнча көрсөтүүнүн пилоттук долбоорун жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо ушул…Распоряжение · 15.11.2016 · № 485-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.08.2015 · № 594
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.08.2015 · № 594
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203101/st-5" title="5-берене - Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>