Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
64-берене
Күчүн жоготкон · 05.05.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 мая 2021 года № 59.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 декабря 2016 года № 218
1. Президент:
1) ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт; ушул Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;
2) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатууну жүзөгө ашырат.
2. Президент:
1) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;
2) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жаткан маселелерди аныктоого укуктуу;
3) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө укуктуу.
3. Президент:
1) Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;
2) ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;
3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;
4) ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.
4. Президент:
1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;
2) Өкмөт мүчөлөрүн - коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот.
5. Президент:
1) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;
2) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;
3) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;
4) Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.
6. Президент:
1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;
2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;
3) ратификациялоо грамоталарына жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;
4) Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат;
7. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет.
8. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот.
9. Президент:
1) мыйзамга ылайык уюштурулуучу Коопсуздук кеңешин жетектейт;
2) конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;
3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;
4) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
10. Президент:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;
2) Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;
3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;
4) ырайым кылууну жүзөгө ашырат;
5) өзүнүн аппаратынын түзүмүн аныктайт, анын жобосун бекитет жана жетекчисин дайындайт.
11. Президент ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 декабря 2016 года № 218 "О внесении изменений в Конституцию Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чыгып сүйлөөгө укуктуу.
3. Президент:
1) Жогорку соттун кошулду: жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;
2) кошулду: ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун кошулду: жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;
3) Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;
4) кошулду: ушул Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын же Судьялар кеңешинин сунушу боюнча алынып салынды: конституциялык мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот.
4. Президент:
1) Жогорку … каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын алынып салынды: үчтөн биринен кошулду: жарымынан кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын … дайындайт жана кызматтан бошотот.
9. Президент:
1) мыйзамга ылайык алынып салынды: уюштурулган Коргоо кошулду: уюштурулуучу Коопсуздук кеңешин жетектейт;
2) конституциялык мыйзамда каралган негиздер … Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
кошулду: (КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-октябрындагы №12-р "Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Асель Союзбековна Кодуранованын, Ирина Юрьевна…Сот практикасы · Решение · 24.10.2019 · № 12-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 3-октябрындагы № 06-р "Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз…Сот практикасы · Решение · 03.10.2018 · № 06-р
Беренеге цитата келтиргендер (198)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги "К.З.К. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын…Постановление · 09.04.2021
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3111-V "Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушунун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн…Постановление · 30.05.2013 · № 3111-V
- Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 18 октября 2016 года № 5-р (по делу о проверке конституционности части 1 статьи 20 Закона Кыргызской Республики "Об общих…Решение · 18.10.2016 · № 5-р
- КР Президентинин 2011-жылдын 9-августундагы ПЖ №188 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин…Указ · 09.08.2011 · № 188
- КР Президентинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги ПЖ № 101 "Соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке кагуу тууралу" жарлыгыУказ · 22.04.2011 · № 101
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июлундагы № 348 "Курултайлар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коругундусу…Постановление · 25.07.2018 · № 348
- Указ Президента КР от 11 июня 2018 года УП № 137 "О приеме в гражданство Кыргызской Республики"Указ · 11.06.2018 · № 137
- КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2018-жылдын 31-декабрындагы ПЖ N 261 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" ЖАРЛЫГЫУказ · 31.12.2018 · № 261
- КР Президентинин 2019-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 48 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.04.2019 · № 48
- КР Президентинин 2019-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 49 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.04.2019 · № 49
- КР Президентинин 2019-жылдын 28-августундагы ПЖ № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.08.2019 · № 121
- КР Президентинин 2020-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 107 "Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.06.2020 · № 107
- КР Президентинин 2020-жылдын 16-июнундагы ПЖ № 108 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.06.2020 · № 108
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 15-мартындагы ПЖ № 73 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" жарлыкыУказ · 15.03.2021 · № 73
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 15-марты ПЖ № 76 Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.03.2021 · № 76
- КР ПРЕЗИДЕНТИНИН 2020-жылдын 9-октябрындагы ПЖ N 189 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" ЖАРЛЫГЫУказ · 09.10.2020 · № 189
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1089-V "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча…Постановление · 30.09.2011 · № 1089-V
- КР Президентинин 2017-жылдын 14-октябрындагы ПЖ № 213 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.10.2017 · № 213
- КР Президентинин 2017-жылдын 29-августундагы ПЖ № 186 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 29.08.2017 · № 186
- КР Президентинин 2017-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 21 "Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 30.12.2017 · № 21
198 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202913/st-64" title="64-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>