Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча» чечими
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ЧЕЧИМИ 2018-жылдын 3-октябры № 06-р Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча 2018-жылдын 3-октябры
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э.Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, А.О. Нарынбекова, Э.Ж. Осконбаев, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын, кайрылуучу тарап - Нурбек Акбарович Токтакуновдун; жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Чынгызбек Муртазакулович Бердимуратовдун, Мирбек Исамаматович Арзиевдин; башка жактар - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Улан Таштемирович Айтбаевдин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты. Жаран Нурбек Акбарович Токтакуновдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп болду. «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жѳнүндѳгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы М.Ш. Касымалиевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т А П Т Ы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2018-жылдын 18-апрелинде Н.А. Токтакуновдун «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Арыздануучу ѳз кайрылуусунда мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деп жар салган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгү бардык жарандарга ээлеген кызматына же коомдогу ордуна карабастан мыйзамдардын ченемедеринин бирдей колдонулуусун кепилдеген ченем болуп саналат деп белгилейт. Бирок, «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси менен белгиленген Кыргыз Республикасынын экс-президенти үчүн укуктук кепилдиктер Н.А. Токтакуновдун көз карашында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө бул берененин ылайык келүүсү маселесинде күмөндүүлүктүн болуусу жөнүндө тастыктайт. Ошентип, көрсөтүлгөн Мыйзамдын 12-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президенти колтийгис укукка ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгис укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат. Кайрылуу субъектинин ал койгон маселе боюнча көз карашы аталган Мыйзамдын «ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес» деген сѳздѳр менен баяндалган 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн синтаксистик курулушу экс-президент анын президенттик ыйгарым укуктары аяктагандан кийин жасаган кылмыш жосундары аныкталган учурда да колтийгис укугуна ээ болуп кала берет деген божомолго негиз берүүдө деп аргументтелүүдө. Арыздануучу талашылып жаткан ченем экс-президентке президенттик ыйгарым ыйгарым укуктарды аткаруу мезгилинде да, алар токтотулгандан кийин да жасаган жосундары үчүн жазык куугунтугунан индульгенция берет деген тыянакка келүүдө. Ошондой эле, арыздануучу жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын экс-президенттин колтийгис укугу ал ээлеген мүлккө (кыймылсыз, кыймылдуу) карата жайылтылат деп белгилеген 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн ченемдик көрсөтмөлөрү экс-президенттин кандай гана болбосун жазык куугунутугуна каршы иммунитети тууралуу кабар берүүдө деп болжойт.
Н.А. Токтакуновдун пикири боюнча бийлик өкүлдөрү үчүн ар кандай укуктук иммунитеттер токтото туруу жана тең салмактуулук тутумунун натыйжалуу иштөөсүнө багытталган жана аларды жоопкерчиликке тартуунун кыйла татаал процедурасы тууралуу кабар бериши керек. Ал эми талашылып жаткан ченем менен орнотулган укуктук кепилдиктер демократиялык мамлекеттин эң маанилүү принциби болуп эсептелген мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принципти гана бузбастан, жазалоонун шексиздиги принцибин да бузууда.
Жогоруда баяндалганды эсепке алуу менен кайрылуу субъекти талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранууда. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2018-жылдын 31-майындагы аныктамасы менен Н.А. Токтакуновдун кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган. Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоду жана аларды канааттандырууну суранды. Жоопкер тараптын өкүлү Ч.М. Бердимуратов Н.А. Токтакуновдун жуйөлөрүн кийинкидей негиздер боюнча орунсуз деп эсептейт. Мамлекет айрым субъекттер үчүн аткарылуучу функцияларына, корголуучу кызыкчылыктар менен башка жагдайларга жараша жалпы тартиптен тышкары белгилүү бир шарттарды орнотууга укуктуу, алар мыйзамдуу жана мамлекет башчынын иммунитети да таандык болгон жалпыга маанилүү конституциялык максаттарга өлчөмдөш болушу керек. Мында иммунитет мамлекет аралык, мамлекеттик жана коомдук мамилелерде өзгөчө орун ээлеген адамдарга ѳзгѳчѳ укукту берүү максатында мамлекет тарабынан колдонулуучу укуктук инструмент болуп саналат.
Ч.М. Бердимуратов Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматын ээлеген жарандын укуктук статусу башка жарандардын укуктук статусунан кыйла айырмаланып турат, ал эми колтийгистик бул статустун зарыл элементи болуп саналат, анткени ал тышкы таасирлерге, материалдык жана башка шарттарга көз каранды болбостон өзүнүн ишмердигин жүзөгө ашырууга мумкүндүк берет деп белгилейт. Андан да, жоопкер тараптын өкүлү экс-президентке укуктук иммунитетти берүү ага президенттик ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин күчѳтүлгѳн коргоону кепилдейт деп эсептейт. Мамлекет башчынын кызматы бардык азыркы демократиялык мамлекеттерде атайын коргоо объекти болуп саналат. Маселен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Эл аралык коргоодон пайдаланган адамдарга, анын ичинде дипломаттык агенттерге каршы кылмыштарды болтурбоо жана жазалоо жөнүндө» 1973-жылдын 14-декабрындагы Конвенциясына ылайык мамлекет башчылары эл аралык коргоодо турган адамдар болуп саналат.
Жогоруда баяндалганга байланыштуу, жоопкер тараптын өкүлү «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экинчи өкүлү М.И. Арзиев Ч.М. Бердимуратовдун жүйөлөрүн колдоду. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү Н.А. Касымбеков ар мамлекет адамдардын айрым категрияларына өзгөчө укуктар менен артыкчылыктарды берип, ошону менен бул адамдар мамлекет жана коом үчүн өзгөчө маанилүү экендигин көрсөтөт. Адатта, аларга мамлекет башчылары, парламенттин депутаттары, судьялар жана башкалар кирет. Мамлекет башчысы үчүн көрсөтүлгөн кепилдиктердин максаты – президенттик ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин анын аракеттери үчүн куугунтукка алынбасын анык билген, Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президентинин натыйжалуу, орундуу укуктук аракетине түрткү берүү болуп саналат.
Н.А. Касымбеков экс-президенттин колтийгистиги жеке артыкчылык эмес, ал коомдук-укуктук мүнөзгө ээ болуп, иштеп жаткан Президентке анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин кандай гана болбосун кол салуулардан күчѳтүлгѳн коргоону камсыз кылуу менен коомдук кызыкчылыктарга кызмат кылууга арналган.
Ошондой эле ал, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2015-жылдын 8-апрелиндеги чечиминде формалдуу бирдей субъекттерге бирдей мамилени болжогон конституциялык принцип ар башка категорияларга таандык адамдарга бирдей кепилдиктерди берүү зарылдыгын шарттабайт, ал эми мыйзам алдында бирдейлик нагыз айырмачылыктарды жана аларды мыйзам чыгаруучу тарабынан эсепке алуу зарылдыгын жокко чыгарбайт деп белгилеген. Демек, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгистиги мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принципти бузуу болуп саналбайт. Баяндалганга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү У.Т. Айтбаев укуктук иммунитет деген мыйзамдуу укуктук каражат, функциялардын тоскоолдуксуз жана туруктуу ишке ашырылуусун камсыздоонун кепилдиги, анын жардамы менен мамлекет теңсиздик маселелерине өтө сезимтал чөйрөсү болгон юридикалык жоопкерчилик чөйрөсүндөгү айрым субъектилердин күчѳтүлгѳн укуктук коргоосун камсыз кылат деп болжойт. Экс-президенттин колтийгистиги президенттик ыйгарым укуктарды аткарууга байланыштуу аракеттер үчүн аны жазык жоопкерчилигине тартпоонун кепилдиги болуп эсептелет. Муну менен, мыйзам чыгаруучу Президенттин мамлекеттик жана мамлекет аралык мамилелердеги ролунун маанилүүлүгүн тааныйт, анткени ага мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо жана өлкөдөгү укуктук тартиптин кепилдигин камсыз кылуу боюнча конституциялык милдет жүктөлгөн.
У.Т. Айтбаев арыздануучунун талашылып жаткан берененин мазмунунун так эместиги тууралуу жүйөлөрү орундуу, анткени ал мамлекеттин экс-башчысы анын президенттик ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин жасашы мүмкүн болгон жосундарга колтийгистик принцибин жайылтуу мумкүндүгүн аныктабайт деп белгилейт. Бирок, мамлекеттик тилдеги «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин биринчи абзацы анын маанисин түшүнүүдѳ күмөндүүлүктү туудурбайт, анткени Кыргыз Республикасынын экс-президентинин президенттик ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде жасалышы мүмкүн болгон жосундар үчүн гана колтийгистиги жѳнүндѳ даана көрсөтүүдө.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик тилдеги тексти расмий тилдеги тексти менен окшош болбогон учурда мамлекеттик тилдеги текст түп нуска болуп эсептелет деп белгилеген «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине шилтѳѳ менен У.Т. Айтбаев талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик-укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бѳлүгүнѳ гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тѳмѳнкү мазмундагы 12-беренеси саналат: «12-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгистиги Кыргыз Республикасынын экс-президенти колтийгис укукка ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгис укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат.». «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык «Эркин-Тоо» гезитинин 2003-жылдын 25-июлундагы № 55-56 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Укуктук мамлекеттин ажырагыс принциптеринин бири болуп мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принцип саналат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгү).
Бул конституциялык орнотмонун социалдык баалуулугу жана практикалык маанилүүлүгү инсандын конституциялык дагы, мыйзам чыгаруу деңгээлинде дагы укуктук абалын аныктоодо турат. Мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принцип ар бир инсандын бирдей баалуугун жарыялоо, индивидтерге коомдук жана мамлекеттик турмушка катышуу үчүн бирдей укуктук мүмкүнчүлүктөрдү берүү, алардын бирдей көлөмдөгү жана мазмундагы укуктар менен милдеттерге, ошондой эле аларды жүзѳгѳ ашыруу жана коргоо боюнча бирдей укуктук мүмкүнчүлүктөргѳ ээ болушун билдирет. Мында, тең укуктуулук, жогоруда аталгандардан тышкары, бардыгынын юридикалык жоопкерчилик алдында да тең болуусун билдирет. Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Конституциясы мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды камсыздоо максатында теңдик принцибинен кайсы бир деңгээлде чегинүүгө жол берет. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген маселелер боюнча өзүнун укуктук көз карашын бир нече жолу билдирген. Маселен, 2015-жылдын 8-апрелиндеги, 2017-жылдын 22-февралындагы, 2018-жылдын 14-февралындагы чечимдерде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы бирдей шарттарда турган укук субъектилери бирдей абалда болуусу керек, эгер шарттар бирдей болбосо, мыйзам чыгаруучу алар үчүн ар кандай укуктук статус орнотууга укуктуу. Формалдуу жактан бирдей субъекттерге бирдей мамилени болжогон конституциялык принцип ар кайсы категорияда турган адамдарга бирдей кепилдиктерди берүү зарылдыгы менен шартталбайт, ал эми мыйзам алдында бирдейлик нагыз айырмачылыктарды жана ал айырмачылыктарды мыйзам чыгаруучу тарабынан эсепке алынуу зарылдыгын жокко чыгарбайт деп көрсөткөн.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын мазмуну менен маңызынан келип чыксак, конституциялык-укуктук статуска ээ жана мамлекеттик-маанилүү функцияларды аткарган айрым кызмат адамдарга укуктук иммунитетти берүү зарылдыгына байланыштуу бирдейлик принцибинен чегинүү мүмкүн.
Конституция Кыргыз Республикасын демократиялык мамлекет деп жар салып, мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлигине бөлүштүрүү принцибине негизденген мамлекеттик органдар тутумун түзүүнү талап кылат (1, 3-беренелери). Бул принципке ылайык бийликтин ар бир бутагы мамлекеттик бийликтин жалпы тутумунда өз ордун ээлейт да, ага тийиштүү гана милдеттер менен функцияларды аткарат. Мындай бөлүштүрүүнүн маңызы бийликтин ар бир бутагына салыштырмалуу өз алдынчалуулук жана көз карандысыздыкты, ошондой эле бир бутактын экинчисине карата үстөмдүк кылуусун жокко чыгаруучу зарыл болгон тең салмактуулукту камсыз кылууга жол берген ыйгарым укуктар көлөмүн берүүдө турат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүнүн демократиялык табияты тууралуу конституциялык орнотмо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын көптөгөн жоболорунда туюнтулган токтото туруу жана тең салмактуулук тутуму менен сакталып турат, анын элементтеринин бири болуп укуктук иммунитет саналат. Укуктук иммунитет мыйзамдуу укуктук каражат, анын жардамы менен мамлекет коомдук-манилүү функцияларды мамлекеттин атынан аткарган кызмат адамдардын белгилүү чөйрөсүнө күчөтүлгөн укуктук коргоону камсыз кылат да, аларды юридикалык жоопкерчиликке тартуунун атайын, татаалдашкан жана жалпы эрежелерден айырмаланып турган укуктук процедураларын орноткон юридикалык режимди чагылдырат. Укуктук иммунитеттин маңызы ага ээ болгондорго алардын көз карандысыздыгына, чечимдерди кабыл алуунун белгиленген режимине таасир кыла ала турган негизсиз кол салуулардан колтийгистик кепилдиктерин берүүдө камтылат. Ошентип, укуктук иммунитетти адамдардын чектелген тобунун укуктук корголушун күчөтүү үчүн атайын ченемдерде бекитилген юридикалык жоопкерчилик жаатындагы мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген принциптен мыйзамдуу четке чыгуу катары кароо зарыл, бул аларга мамлекеттик жана коомдук маанилүү функцияларды натыйжалуу жана керектүү деңгээлде аткарууга жол берет. Бирок укуктук иммунитет анын ээси тарабынан жасалган укук бузуулар үчүн юридикалык жоопкерчиликтен абсолюттуу колтийгистикке ээ болууну таптакыр болжобойт.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60 жана 64-беренелеринин 2, 3, 61 (1-бөлүк), 63 (1-бөлүк), 65-беренелери менен байланыштагы мааниси боюнча Президент мамлекет башчысы, элдик биримдиктин жана мамлекеттик бийликтин белгиси болгон, мамлекеттик бийлик тутумунда өзгөчө орунду ээлеген жогорку кызмат адамы. Мамлекет башчысынын статусу анын өлкө ичиндеги ордун жана мамлекеттин жогорку ыйгарым укуктуу өкүлү катары эл аралык мамилелердеги ордун аныктайт. Президент өз алдынча, мамлекеттик бийликтин башка органдарынан юридикалык жактан көз карандысыз, бирок алар менен тыгыз карым-катышта болуп мамлекеттик жана коомдук турмуштагы эӊ маанилүү маселелерди чечүү үчүн колдонулуучу кеңири ыйгарым укуктарга ээ.
Кыргыз Республикасынын Президенти түздөн-түз же кыйыр мамлекеттик бийликтин бардык үч бутагын түзүүдө катышат, асыресе, Конституцияда каралган тартипте жана учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо тууралуу маселелерди чечет. Президент сот системасын түзүүдө катышат, Өкмөт мүчөлөрүн, коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот да, Коопсуздук кеңешин жетектейт. Ошентип, мамлекет башчысынын статусу анын мамлекеттик бийлик тутумунун бирдиктүүлүгүн жана туруктуулугун, анын бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана сот бийлигине бөлүштүрүлүү шартында натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктардын көлөмүн алдын ала аныктайт. Мамлекет башчысына жүктөлгөн милдеттердин мазмуну менен мүнөзүнө жараша аларды толук кандуу жана натыйжалуу аткаруу ага көз карандысыздыктын өлчөмдөш кепилдиктери менен укуктук коргоо каражаттары берилгенде гана мүмкүн. Президенттин көз карандысыздыгынын маңызы ал чечимдерди эркин жана өз алдынча кабыл алуу жана Конституция менен мыйзамдарга гана баш ийип, бүткүл коомдун кызыкчылыгын көздөп бирөөнүн кийлигишүүсүз аракеттенүүгө реалдуу мүмкүндүккө ээ болгон шарттарды түзүүдө камтылат. Ошон үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренеси Президентти жоопко тартуунун өзгөчө тартибин орнотуу аркылуу мамлекет башчысына укуктук иммунитет берет. Конституциянын көрсөтүлгөн беренесине ылайык ал кызматтан четтетилгенден кийин гана жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
5. «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президенти колтийгистикке ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартылышы, ошондой эле кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес. Муну менен бирге ушул эле берененин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын экс-президентинин колтийгис укугу ал ээлеген туракжайга жана кызматтык бөлмөлөргө, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына да жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кызматынан чететтилгендерден башка бардык мурдагы Президенттер экс-президент деген наамга ээ. Экс-президентин статусу мыйзам менен белгиленет (69-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү). Ошону менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясы экс-президенттин наамына конституциялык-укуктук статус берүү менен, ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин да Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруунун коомдук маанилүүлүгүн, ошондой эле иштеп жаткан мамлекет башчысы үчүн каралган айрым укуктук кепилдиктерди сактоо зарылдыгын тааныйт. Бул иш боюнча конституциялык контролду жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тарабынан чечмеленип жаткан конституциялык орнотмолордун маңызы кийинкидей. Шайлоо аркылуу бийликтин легитимдүү алмашуу касиетине ээ болгон демокартиялык мамлекеттин шартында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 2-бөлүгүнөн келип чыккан, бир эле адамды Президент кылып эки жолу шайлоого тыюу салуу түрүндөгү чектөөнү эске алуу менен экс-президенттин укуктук иммунитети Президенттин милдетин аткаруу мезгилде ага жүктөлгөн функцияларды натыйжалуу жана тышкы факторлордон көз карандысыз аткарууну камсыз кыла алган тийиштүү жүрум-турумга оӊ мотивациялоого түрткү берүүчү өтө маанилүү укуктук өбөлгөлөөчү каражат болуп саналат жана ретроспективалык мааниге ээ. Ошол эле мезгилде, пайда болуунун институционалдык табиятына ээ болгон эск-президенттин укуктук иммунитети, Президенттин ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин жасаган жосундары үчүн колтийгистиктин жайылтылышына жол бербейт. Мындан Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин, аны менен укук бузуулар жасалган учурда, ал Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жалпы тартипте эле башка жарандар менен бирдей жоопкерчилик тартыш керек экендиги келип чыгат. Ошентип, экс-президенттин колтийгистиги иштеп жаткан мамлекет башчысына укуктук кепилдиктерди берүү боюнча конституциялык жоболордун логикалык уландысы жана ажырагыс элементи болуп саналат. Ошондуктан, Президенттин ыйгарым укуктарын токтоткон адамга «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси менен бекитилген укуктук иммунитетти берүү президент институтунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылууда укуктук инструмент катары иштейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт. Ошону менен бирге, талашылып жаткан беренинин колдонуудагы редакциясы, биринчиден, президенттик ыйгарым укуктарды аткарган мезгилде жасаган жосундары үчүн юридикалык жоопкерчиликтин келүүсү үчүн экс-президенттин укуктук иммунитетин өтүү процедурасын караштырбайт, бул экс-президенттин колтийгистигине абсолюттук мүнөз берип, жеке артыкчылык касиетине айлантууда, экинчиден, бул ченемдин экс-президент статусундагы адамдын жасаган жосундарына укуктук иммуниеттин жайылтылуусу туурасында баяндалуусунун ачык жана так эместиги күмөндүүлүк жаратууда жана укук колдонууда проблемаларга алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучуга укуктук мамилелердин бул чөйрөсүн жөнгө салууда мамлекет башчысынын милдеттерин аткарууну токтоткон адам үчүн коргоонун зарыл болгон көлөмүн эске алуу тийиш, ал, биринчи кезекте, Президенттин ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин негизсиз куугунтуктоодон арылтууга, экинчиден, жасаган укук бузуулары үчүн жазалоонун шексиздиги принцибинин сакталышын камсыз кылууга жол берет. Болбосо, экс-президентти жазык жоопкерчилигине тартууга кыйшайбастан тыюу салуу мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей жана жасаган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартары шексиз экендигинин конституциялык принциптерине карама-каршы келет. Экс-президенттин укуктук иммунитети так укуктук чектерге ээ болуусу керек, ал эми колтийгистикти алуу жөнүндө жыйынтыктоочу чечим, аны алууга чейинки процедураларга карабастан иштеп жаткан Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечимди кабыл алуудан жеңил болбошу керек, антпесе каралып жаткан укуктук механизм Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигин камсыз кылуу боюнча коомдук конституциялык маанилүү милдетти аткарууда туюнтулган өзүнүн баштапкы касиетин жоготуп коет. Ушуга байланыштуу жана экс-президенттин жоопкерчилигин ар кандай түшүнүүнү жокко чыгаруу максатында талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү түзөтүүлөрдү кабыл алуу аркылуу юридикалык ченемдештирүүнү талап кылат. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган жосундары үчүн экс-президентти жоопкерчиликке тартуу процедурасын карабаган бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыккан тийиштүү өзгөртүүнү демилге кылсын.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында» жарыялансын.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-октябрындагы №12-р "Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Асель Союзбековна Кодуранованын, Ирина Юрьевна…Сот практикасы · Решение · 24.10.2019 · № 12-р
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кенилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 11.10.2013 · № 190
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 37 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.