Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-статья. Республикалык бюджеттин кирешелери
Күчүн жоготкон · 16.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:
1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;
2) кошумча нарк салыгы;
3) акциздик салык;
4) пайдага салык;
5) кен байлыктарды пайдалануу үчүн салык (бонустар жана роялтилер);
6) атайын каражаттарга салык;
7) импорттук жана экспорттук бажы алымдары;
8) республикалык бюджеттен берилүүчү кредиттер (ссудалар) боюнча пайыздар;
9) адиске баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк бергендиги үчүн жыйым;
10) баалуу кагаздардын эмиссияларын каттагандыгы үчүн комиссиондук жыйым;
11) күрөөнү каттагандыгы, Бирдиктүү мамлекеттик реестрден көчүрмө алгандыгы жана күрөөнү кошумча билдиргендиги үчүн жыйымдар;
12) транспорттук каражаттарды каттагандыгы (кайра каттагандыгы) үчүн жыйым;
13) консулдук жыйымдар;
14) туристтик жана альпинисттик иштерди жүргүзгөндүгү үчүн жыйым жана чегерүүлөр;
15) мыйзамсыз, анын ичинде лицензиялык тартип менен белгиленген ишти лицензиясы жок жүзөгө ашыруудан түшкөн кирешелер;
16) республикалык лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн кирешелер (лотерея боюнча ишти жүзөгө ашырууга укук бергендиги үчүн төлөм);
17) баалуу металлдардан жасалган зергердик (турмуш-тиричилик) буюмдарды сынактан өткөргөндүк жана эн тамга койгондук үчүн төлөм (баалуу металлдарга техникалык экспертиза жана контролдук талдоолор);
18) мамлекеттик менчикте турган объектилерди ижарага берүүдөн жана менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелер;
19) концессиялык (чет өлкөлүк инвесторлорго мүлктү, жерди жана анын кен байлыктарын ижарага берүүдөн) кирешелер;
20) айлана чөйрөнү булгагандык үчүн төлөм (анын ичинде булгоочу заттардын агындыларын, саркындыларын жана калдыктарды таштоочу жай үчүн төлөөлөр);
21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен реестрге ылайык мамлекеттик уюмдар көрсөткөн акы төлөмө кызматтарды жана иштерди аткаруудан түшкөн кирешелер;
22) альтернативалуу (аскердик эмес) кызмат өтөөдөн түшкөн кирешелер:
23) жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түшкөн кирешелер;
24) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине биротоло өткөн мүлктү, анын ичинде мамлекеттин пайдасына бажы режиминде баш тартуу жол-жоболоштурулган товарларды жана транспорт каражаттарын сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелер;
25) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан түшкөн кирешелер:
26) акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддерден түшкөн кирешелер;
27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;
28) жазык-аткаруу инспекцияларынын кирешелери;
29) материалдык баалуулуктардын уурдалышына жана кем чыгышына күнөөлүү адамдан төлөтүлүп алынуучу суммалар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү өндүрүп алуучу администрациялык айыптар жана санкциялар;
30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес, жана башка кирешелер.
Берененин тексти 16.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202907/st-32" title="32-статья - "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>