1-берене
Күчүн жоготкон · 16.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 19-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алынып салынсын.
2. 31-33-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер
1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана башка кирешелерге төмөнкүлөр кирет:
1) киреше салыгы;
2) сатуудан салык;
3) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;
4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;
5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму;
6) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешелер;
7) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан же башка акы төлөнүп менчиктен ажыратуудан түшкөн кирешелер;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле бюджеттик мекемелер, аткаруу бийлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу органдар акы төлөтүп кызмат көрсөтүүдөн жана иш аткаруудан түшкөн кирешелер;
9) материалдык, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинин чараларын колдонуунун натыйжасында түшкөн каражаттар, атап айтканда: айып салуу, конфискация, компенсация;
10) мыйзам тартибинде белгиленүүчү башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер.
2. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер республикалык, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге түшүшү мүмкүн.
Берененин тексти 16.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202907/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>