Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Sky Finance» жабык акционердик коомунун «Континент Принт» жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы үлүшүнүн 65 процентин мамлекеттештирүү жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 19-июлу УӨ № 100
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
"Sky Finance" жабык акционердик коомунун "Континент
Принт" жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык
капиталындагы үлүшүнүн 65 процентин
мамлекеттештирүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 16-ию-
нундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмө-
түнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декретине ылайык Кыргыз Республика-
сынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. SK Finanse (СК Финанс) жабык акционердик коомунун "Континент
Принт" жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы үлүшүнүн
65 проценти мамлекеттештирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги SK Finanse
(СК Финанс) жабык акционердик коомуна таандык 65 процент үлүшүн мамлекеттештирүүгө байланыштуу:
- "Континент Принт" жоопкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары
"Континет Принт" ЖЧК) жалпы чогулушун өткөрүүгө демилге көтөрсүн;
- "Континент Принт" ЖЧКнын жаңы уюштуруу документтерин бекитсин
жана кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул Декреттен келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.
3. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл
чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объектти каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.
5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.