Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Аврора Грин» ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө» Декрети
Бишкек шаары
2010-жылдын 19-июлу УӨ № 99
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
"Аврора Грин" ден соолукту чыњдоочу-туристтик
комплекстин объекттерин мамлекеттештирүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 Декретинин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 8-июнун- дагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмө- түнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республика- сынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоочу-туристтик комплекстин
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан 31 коттеджи жана көп квартиралуу мейман үйү мамлекеттештирилсин. (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-сентябрындагы УӨ № 130 декретинин редакциясына ылайык)
2. "Ысык-Көл Аврора" мамлекеттик ишканасы менен "О. К. К. В." жо-
опкерчилиги чектелген коомунун (мындан ары - "О. К. К. В." ЖЧК) орто- сунда 2008-жылдын 25-сентябрында түзүлгөн № 191, Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу тарабынан бекитилген Биргелешкен кызмат- ташуу жөнүндө келишим жокко чыгарылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо
кызматы 2008-жылдын 26-сентябрындагы, сериясы В, №040448, "О. К. К.
В." ЖЧКга берилген жер участокту убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү
жокко чыгарсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- мамлекеттештирилчү мүлктү балансына алсын жана анын сакталышын
камсыздасын;
- "Аврора Грин" ден соолукту чыњдоочу-туристтик комплекстин объек-
ттерин мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.
5. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чара-
ларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
6. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине тапшырылсын.
7. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 37-р ""United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь"…Сот практикасы · Решение · 11.07.2014 · № № 37-р
Цитата келтиргендер (4)
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 37-р ""United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь"…Решение · 11.07.2014 · № № 37-р
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 255 (А.Ш.Осмоналиев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 05.09.2012 · № 255
- КР УӨ 2010-жылдын 28-сентябры № 130 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн айрым декреттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ДекретиДекрет · 28.09.2010 · № 130
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 172 “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү тууралуу” Кыргыз…Постановление · 22.03.2017 · № 172 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.