Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО УӨ № 121 «»Кант цемент заводу» ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21 проценттин мамлекеттештирүү жөнүндө» Декрети
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 12-августу УӨ № 121
"Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21 проценттин мамлекеттештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2010-жылдын 13-июлундагы сунушунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:
1. "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын "U№ited Ceme№t Group PLC" компаниясына тиешелүү 13,21 проценти мамлекеттештирилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун акцияларынын 13,21 процентин мамлекеттештирүүгө байланыштуу акцияларды каттоону камсыз кылсын жана мамлекеттештирүүдөн келип чыгуучу башка маселелерди чечсин.
3. Мамлекеттик органдар ушул Декреттен келип чыгуучу зарыл чараларды, анын ичинде мамлекеттештирилген объекттерди каттоо жана тариздөө менен байланышкан чараларды көрүшсүн.
4. Бул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 11-р чечими
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 37-р ""United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь"…Сот практикасы · Решение · 11.07.2014 · № № 37-р
Цитата келтиргендер (2)
- К Р Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 11-июлундагы N 37-р ""United Cement Group PLC" компаниясынын, "Эмгек Курулуш", "Ташкөмүр", "Пансионат "Витязь"…Решение · 11.07.2014 · № № 37-р
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 172 “Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мамлекеттештирүү жөнүндө айрым декреттери боюнча талаш мамилелерди чечүү тууралуу” Кыргыз…Постановление · 22.03.2017 · № 172 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1